«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча коомчулукта талкуу дагы болсо катуу жүрүп жатат. Бир тарабы Текебаевди жактап, саясий куугунтук катары мүнөздөмө берип жатышса, экинчи тарап «колу менен жасаганды мойну менен тартсын», ак болсо мыйзам алдында укуктук талаада күнөөлүү эместигин далилдесин дешүүдө.

Мындай талаш-тартышуу, ак-карасы таасын ажыратылбай бүдөмүк тарткан саясий кызыкчылыктардын кагылышуусу өкүм сүргөн иш 1-мартта Жогорку Кеңеште дагы кызуу талкууланды. Парламентке башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев чакыртылды. «Ата Мекен» партиясынын депутаттары Текебаевдин камалышын куугунтук катары сыпатташып, аны үй камагына чыгарууну, бул ишти комиссия түзүп иликтеп чыгуу зарылдыгын талап кылышты. Бирок үй камагына чыгаруу боюнча демилгени УКМК менен баш прокурор  да, эл өкүлдөрү да колдогон жок. Баш коргоо чарасын сот гана чечээри айтылды. Ал эми Текебаевдин ишин Аида Саляновага козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияга кошуп коюу чечими кабыл алынды. Ага Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш ишин кароо маселеси да кошулду. Ошентип депутаттык комиссия «Ата Мекен» партиясынын үч депутатына козголгон кылмыш иштерин иликтемей болушту.

Ал ортодо «Ата Мекен» партиясынын юристтери Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азиз «АКИпресс» маалымат агенттигинде жыйын өткөрүп, Өмүрбек Текебаевдин камалышынын себебин 2017-жылдын 16-январында «Манас» аэропортуна жакын Дача-СУ айылынын үстүнө кырсыкка учурап кулаган Түркиянын «Боинг-747» жүк ташыган самолету менен байланыштырган билдирүү таратты. Авикырсыктан айылдын 40ка жакын тургундары өмүрү менен кош айтышып, 30га жакын үй талкаланган болчу. Самолёт сотовый телефон, электроника сыяктуу 85 тонна жүк тартып келе жатканы маалым болгон. Бул сырдуу жүктүн ээси ким экени боюнча маалымат айтылган эмес. «Ата Мекен» партиясынын юристтери дал ушул жүк президент Атамбаев менен анын жубайы Раиса Атамбаевага тиешелүү болгонун түрктөрдүн атайын кызматы изилдеп чыгып тактаганын, анан бул маалымат Өмүрбек Текебаевдин колуна тийип, жумурай-журтка жар салганы келе жатканда ага үлгүртпөй аэропорттон кармап, камакка алышканын айтып чыгышты. Ал түгүл Түркиянын президенттик аппаратына жазылган делген Түркиянын коопсуздук кызматынын өтө жашыруун деген документтердин айрым көчүрмөлөрүн көрсөтүшүп, түп нускасы Жогорку Кеңештин Текебаевдин ишин иликтеген комиссиясына бериле турганын жарыялашты.

Буга байланыштуу, ошол эле күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылычты чакыртып, элчиден “кырсыкка кабылган учактагы жүк президент Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө тиешелүү болгон” делген Түркиянын атайын кызматы бергени айтылган маалымат боюнча түшүндүрмө сурады. Мындай кабыргасынан коюлган маселеге, түрк элчиси учактагы жүк боюнча жарыяланган документтер жасалма экенин билдирип: «Түркиянын атайын кызматы өзүнүн эн белгиси басылган жашыруун документтерди эч кимге бербейт. Кимдир бирөөлөр бул чатакка түрк тараптын да тартылышын каалап жатат. Түркия башка мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын да ички саясатына кийлигишпейт.  Бул айтылгандар – ыксыз айтылган жалган маалымат» — деп айтты.

Социалдык тармакта «Ата Мекен» партиясынын юристтери көрсөткөн Түркиянын президенттик аппаратына жазылган делген Түркиянын коопсуздук кызматынын өтө жашыруун деген документинде толгон-токой ката бардыгы факты менен көрсөтүлүп, кызуу талаш-тартыш жаратты. Айрымдар Текебаев абакта жатып алып президентке көө жаап, жалган маалымат тараттырып жатканын керт башын коргош үчүн бирөөнүн колу менен чок шилеп, «Ата Мекен» партиясынын юристтеринин камалышына шарт түзүп берди дешип айыпташты.

Өкүнүчтүүсү ушул эле күнү КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков жол кырсыгына кабылып, оор абалда Бишкек шаардык 4-ооруканасына жеткирилип өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда, Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары (арасында Табылды Акеров, Турсунбек Акун да бар) КТРКга келип аталган документти коомчулукка жарыялоо үчүн эфир берүүнү талап кылышып, «Илим өлүп калсын» деп кыйкырышты.

Кыргыз эч качан минтип өмүрү кылдын учунда турган адамга кара мүртөздүк кылып өлүм тилеген эмес. «Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өз өмүрүңдү тиле» дешип, душманына да кара санабаган. Кыянаттык мамиле көптүн жүрөгүн оорутту. Бул жагдай айкөл кыргыз майдаланып кеткенинен кабар берди.

Автор: Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here