Бизде, айрыкча бийликтегилердин бирин-бирин чукумайы таарынышып, эки жээке бөлүнүп кеткенде башталат эмеспи. Кечээ эле Атамбаевдин колтугуна кирип алып, бир топ чиновниктерге кылмыш козгоп, аброй топтогон  мурунку Башкы прокурор Аида Салянованын эми өзү агарып-көгөргөн бийликке оппозиция болуп, жаны кашайып турган кези. Анткени, алгач күйөөсүнө да, өзүнө да кылмыш иши козголгону маалым. Эң эле өкүнүчтүүсү өзү таза болгону менен, койнунда жаткан күйөөсүнүн алкымын тыя алган жок.

Бүгүн болсо, ошол Башкы прокурор болуп турган кезинде айталбаганын айтып жатат, анысы Иса Өмүркулов тууралуу. Аида айым, Өмүркулов “Кыргыз темир” жолду башкарып турганда козголгон иши мурун эле прокуратурада бар экенин жар салып, кезегинде ага укуктук баа бере албай калганына кейип, бир аз актанып алды. Бийликтин чоорун тартып жүрсө, кайдан укуктук баа берет эле, мына кызык. Кыйын болсо, ошол кезде далилдер менен алып чыгып койсо болмок. Өмүркуловдун “Кыргыз темирге” байланышкан кылмыштуу иш болсо болгондур, бирок ага эми кашкайган далилдер керек.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here