Текебаев камалгандан бери башын катып, бир сөз сүйлөбөй жаткан Азимбек Бекназаров бүгүн бул маселе боюнча өз пикирин билдирди. Ал Президенттен: «Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөн Чотоновду баш коргоо чарасын өзгөртүүсүн мойнуна камчы салып суранарын» айтты. Минтип башкалар суранса жарашмактыр. Бирок мындай кеп Азимбек Бекназаровго эгерим жарашпайт. Себеби, бул адам  эки революцияда тең мамлекеттин “майын” сыгып, болушунча сызгырган. Миллиондогон каражаттар Азикенин алкымына агып кирип кеткени тууралуу далай аңыз кептер айтылганы менен, ал боюнча эч кандай кылмыш иши козголгон жок. Башкасын айтпаганда да, Бекназаров “Мегакомдун” чатагы боюнча №1 фигурант десек болот.

Ал 2010-жылы Башкы прокурор болуп турганда Бакиевдер басып алган мүлктөрдү мамлекетке өткөрүүдө жеке кызыкчылыктарды эске алуу, аларга “суук колун салууну” алдыңкы орунга чыгарганын көп айтылат. Ошондой эле,  ал “Мегакомдун” 51 пайызын гана мамлекетке өткөрүп, 49 пайызын болбогон шылтоолор менен жеке адамдардын колуна калтырып койгонго чоң салым кошкон. Албетте, аны бул ишти жалгыз жасады дебейбиз, Азикенин андай акылына Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнүн айрым таасирлүү адамдары да макул болушкан. Албетте, бул жерде жеке кызыкчылыктар чоң роль ойногону түшүнүктүү. Негизги ишти Азикең бүтүргөнүн бүт эле айтып келишүүдө. Ошол учурда «Мегакомду» 100 пайыз мамлекетке өткөрүп салууга мүмкүнчүлүктөр жетиштүү болгон. Андыктан, ошол кезде Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевди УКМК суракка чакыргандан көрө, биринчи кезекте Бекназаровду чакыргыла. Керек болсо, бул ишти терең иликтеп, абактын төрүнөн орун берсеңер да жарашат. Айтор, Азикеңде кылмыштуу  иштер жок болсо, анда чалкып жаткан Ысык-Көлдө балык  жок дей бергиле. Ошондо ал, курун мойнуна салып, Президенттен эмес, жалпы элден кечирим сурай берсин, узак жылдар бою…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here