“Ата Мекен” партиясы бүгүн борбор шаарыбызда партиянын кезексиз чукул курултайын жабык эшик артында өткөрүп, ага Кыргызстандын баардык булуң-бурчун баардык өкүлдөрү катышканы маалым болду. Курултайдын жүрүшүндө эки эң негизги талап айтылды. Биринчиси:  абакта жатышкан Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду  бошотуу, экинчиси: күзүндө өтө турган Президенттик шайлоого Текебаевдин талапкерлигин көрсөтүү болду.  Ошентип, бүгүндөн тартып Чиркешович буга чейин талапкер болуп талпынып чыккандардын катарына чиркелди.

Курултайдан соң, “ата мекенчилер” жер-жерлерде шайлоо штабдарын жандандырып, мыйзамдарга ылайык митиндерди өткөрүүнү улантышарын бышыкташты. Кылмышка шектелип , абакта эки айга камалган, алдыда соттук иштери турган чоң саясатчыны БШК  өз кезегинде талапкерликке каттайбы, же “башты оорутпасын” деп четке кагып коёбу, аны алдыда убакыт көрсөтөт.  Негизинен бул боюнча да алдыда далай талаш-тартыш орун алары турган иш го…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here