Кытайларды ушинтип атасак куп жарашчудай болуп калды. Алар кийимдер менен техниканын акыркы жаңылыктарын, сүрөттөрдү, архитектуралык курулуштар менен бүтүндөй шаарлардын көчүрмөсүн жасаганды жогорку деңгээлде үйрөнүштү. Бирок, алардын бул тармактардагы “чеберчилигин” колдоп келсек, эми тамак-аштарды, анын ичинде жумуртканын жасалма түрүн чыгара башташканына кооптонуу менен карап турган чагыбыз. Балким, силер буга чейин эле уникалдуу жасалма тамактарды, атап айтсак, жарык чачкан чочко этин же калың катуу кагаздан жасалган бөлкө нандар тууралуу уккан болушуңар керек. А жумуртканы жасоо оңой болбосо керек. Сиз ошентип ойлогон менен Кытайдын жасалма жумурткалары Кыргызстанга он жылдан бери эле ташылып келип жатканына эмне десек болот?

Бул жумурткаларды табигый жумурткадан ажыратуу өтө кыйын. Нукура жумурткада: май, белок, глюкоза, углевод, минерал, витаминдердин бир нечеси (А, Е, Д, Б тобу) бар жана булар адамдын ден соолугуна зыян тийгизбейт. Дал ошондуктан адистер күнүнө бирден жумуртка жегенди сунуш кылышат, а балдар үчүн бул абдан баалуу азык. А жасалма жумурткада болсо, жогоруда саналган баалуу заттардын бири да жок, дээрлик пайдасыз десек болот. Жумуртканын кабыгын гипс, кальций жана чайырдан жасашат. Агы менен сарысын жыты жана даамы жок тунук желимден, пигменттен (айбан жана өсүмдүк организминдеги түс берүүчү зат) жасашат. Мындай жумуртканы бир нече жолу жеген адамдын ден соолугуна оңбогондой зыян келери айтпаса да түшүнүктүүдүр. Биринчи кезекте нерв системине катуу зыян келет. Наристелердин кыймыл-аракети ашыкча чапчаң келип, акыл жактан артта калуусу байкалат. Кандай жасалат? Жасалма жумуртканы ушунчалык чеберчилик менен жасашкандыктан, атүгүл жумуртканын ички кабыгындагы жука чел кабыгын да дал өзүндөй кылып жасашат экен.

Кынтык таба албайсың!

Эми кандай жасаларына кезек берсек. Адегенде жумуртканын сарысынан башташат. Химиялык аралашманы пигменттин жардамы менен сары түскө боёп, тегерек калыпка салышат. Мунун баарын кийин жумуртканын сарысы агып кетпеши үчүн көмүр кычкыл калийге салышат. Дагы бир калыпта жумуртканы белок менен капташат. Баары даяр болгондо, жумуртканы бир нече жолу чайыр, калий жана гипстин аралашмасына салып, андан кийин жасалма кабык менен каптап коёт. Кытайдын Пекин, Шанхай, Гуанчжоу жана башка ири шаарларында бул жумурткалар жасалма азыктарды сатууга тыюу салынганына карабастан, эркин сатыкта. Кытайларга бооруңуз ооруп жаткан болсо, мындай жумурткаларды сиз менен биз да эбактан бери эле колдонуп келаткан болушубуз мүмкүн.

Кантип билсе болот?

Жумуштан чарчап чыккан сатып алуучу жумуртканын ары жак, бери жагын карап отурмак беле. Колуна тийгенин алат да, кетет. Ошентсе да ден соолугуңузду ойлосоңуз, кээ бир белгилерге көңүл бурсаңыз болот. Адегенде эле мындай жумуртканын баасы бир топ арзан болот. Жасалма жумуртканын кабыгы көбүрөөк жалтырап турат. Мындай жумуртканы идишке салып, бир азга коё турса, бара-бара сарысы менен агы бир массага айланып калат, себеби алар окшош материалдан жасалган. Сууга бышкан жумуртканы муздаткычта 6 саатка жакын турганда, сарысы бир аз көгөрүп каларын байкагансызбы? Анда эмесе, жасалма жумурткада мындай көрүнүш кездешпейт. Жасалма жумуртканын сарысы үбөлөнбөйт, анын ордуна чайыр сыяктуу килкилдеп турат. Ден соолукту сакташ үчүн Кытайдан келген азыктардан сак болуңуз демекчибиз.

Автор: Назгүл Осмонова

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here