Адам өлгөндөн кийин үч күнгө чейин анын организминдеги функциялар иштегендиктен тырмактары, чачтары, кадимкидей өсө берет жана киши өлгөндөн кийин анын бою 15 сантиметрге чейин узарат деп илимпоздор изилдеп чыгышкан.

Туура эмес даярдалса — өлөсүң…

Фугу —  балыгы абдан уулу болгондуктан Императордун үй-бүлөсүнө жегенге тыюу салынган. Фугу балыгынан жасалган тамакты «Японская рулетка» деп да аташат. Анткени япондордун эң кымбат жана сүйүктүү тамагы болгон “Фугу” туура эмес даярдалса бир тиштем эт адамды өлтүрүүгө жетиштүү.  Ага каршы эч кандай айла жок.

Робот — диктор…

Японияда дүйнөдө биринчи жолу робот-андроидди чыгарышты. Ал жаңылыктар теле берүүсүндө диктор катары сүйлөгөнгө жөндөмдүү. Ысымы Кodomoroid, бул ысым менен балким телеберүү жаатында таанымал болууга жетишээр деген ойго салат.

Акылдуу капчык…

Америкада “акылдуу” капчык чыгарылды. Аны уурдап кетишсе, бул жөнүндө дароо кожоюнга белги берилет. Чоң эмес пластикалык карта капчыкка салынып, смартфонго туташтырылат. Эгер капчыктын ээси аны үйдө унутуп калса, байланышын жоготкон смартфон катуу үн чыгарып баштайт. Ошол сыяктуу эле, капчыкты уурдаган адам тараптан белги жаңырат. Анын үнү жада калса көчөдө 10 метр аралыкта угулат.

Адамдар үчүн светафор

Прага шаарында эки уйдун ортосунда 70 сантиметрлик  өткөөлгө машина эмес адамдар үчүн светофор орнотулган, ал эки тараптан келе жаткан жөө жүрүүчүлөрдү бири-бири менен жөөлөшүүдөн сактайт.

 

Даярдаган: Жоомартова Айчүрөк

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here