Индия окумуштууларынан жаңылык Индия физик-окумуштуулары балыктын кабырчыгынан жасалган батарея менен иштеген генератор ойлоп табышты. Тунук жана ийкемдүү пластинка энергияны дененин кыймылы, үндүн термелүүсүнөн жана шамалдын агымынан өзүнө топтой алат, андан кийин аны электр күчүнө айландырат. Балыктын кабырчыгындагы коллаген заты пьезэлектрдик (өзүнөн электр бөлүп чыгарат) материал болуп саналат, а бул деген аны механикалык иштетүүдөн өткөрсө, электр кубатын бере алат дегендик. Балык кабырчыгынан жасалган батарея менен иштеген электр шаймандары экологиялык жактан да таза болот жана ден соолукка зыяны жок.

Асмандан келген кабар

Астрономдордун эл аралык тобу алар галактикадан келген белгисиз сигналды кармашканын билдиришти. Бул болсо бизден болжол менен 95 жарык жылы алыстыкта турган жылдыздар системинде жерден сырткары жашоо бар экендигинин күбөсү болушу ыктымал. Белги RATAN-600 радиотелескопунун жардам менен алынган.

Бул окуя 2015-жылы эле болгон, бирок бул тууралуу эми гана айтып отурушат. Азырынча ачылыш жөнүндө аз эле нерсе белгилүү.

Панда тукум курут болбойт

Бүткүл дүйнөлүк жапайы табигатты коргоо фондунун символу болгон чоң пандалар мындан ары тукум курут болуп бараткан жаныбарлардын катарын кирбейт. Фонд 1961-жылы панданы өздөрүнүн эн белгиси кылып алышканда, дүйнөдө бул жаныбарлар дээрлик калган эмес. Аларды сактап калуу үчүн кытай өкмөтү панданы улуттук кенч катары жарыялап, бүт дүйнөнүн парктарына белек катары тартуулаган.

Адегенде аюуларды дипломатиялык белек катары колдонушуп, 2001-жылдардын башында бул саясаттан баш тартышып, аларды жылына миллион долларга ижарага берүүгө өтүшкөн.Муну менен катар эле пандалар турак кылган кайтаруудагы токойлордун аянты кеңейтилген.Чет элдик зоопарктарда туулган панданын тукумдары кийин Кытайга кайтарылган.

Панданы өлтүргөнү үчүн өлүм жазасы киргизилген. Мына ушундай катаал саясаттын натыйжасында алардын санын көбөйтүүгө жетишишкен. 2004-жылы коруктарда 1600гө жакын панда жашаса, 2016-жылы алардын саны 300гө көбөйгөн.

 

Курттун жаңы түрүнө Обаманын атын беришти

Америкалык ММКлар жана илимий басылмалар Baracktrema obamai деп аталган (жалпак курттар) жаңы түрү Малайзиянын тузсуз сууларында жашаган ташбакалардын табылган. Аларды Индиана штатынын окумуштуусу Томас Платт ачкан, ал болсо АКШ экс -президенти Барак Обаманын алыс туугандары экен. Буга чейин да таап келген отуздай жаңы организмдерге тууган-туушкандарынын атын коюп келген окумуштуу бул сапар шистосомдорго Обаманын атын ыйгарган.

Анын айтымында, курттар Обамага окшош имиш. Курттар адаттан тыш ит жандуу келишип, жан-жаныбарлардын, атүгүл адамдардын да канында кошо жашайт. Окумуштуу аларга сый-урмат жана кадырлоо менен карарын айткан. Жаныбарлар менен адамдар үчүн коркунучтуу оорулардын козгогучу болгон курттар ташбакалар үчүн зыянсыз экен.

Автор: Аида Мусева

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here