2010-жылы Убактылуу өкмөттүн мезгилинде  Экономикалык тескөө министринин милдетин аткарып иштеген, кыргыз элинин ири ишкери, аты алыска тараган  Kyrgyz Concept компаниясынын, негиздөөчү жана алмашкыс президенти Эмил Үмөталиев абакта жаткан  Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишине байланыштуу күбө катары  УКМКнын имаратынын «муздак дубалдарына» кирип, сурак берип чыкты. Сурактын чоо-жайы азырынча ачык айтылган жок. Белгилүү болгондой Эмил мырза экономика министрлигин бир нече ай гана жетектесе да, бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, бул министрликтин Бакиевдин тушундагы кыйла баш аламандыктарын иретке салганга аракет кылган. Экс-министр ошол кыйын кырдаал учурундагы Бакиевдер басып алган мамлекеттин мүлктөрүн кайра мамлекетке өткөрүүдөгү эл анчалык терең билбеген сырларды билет.  УКМКга чакырылганынын себеби дагы ушул десек болот. Жакынкы күндөрү ал сырлар деле ачыкка чыгышы мүмкүн. Күтө туралы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here