(Окурмандардын эсине: айрым фразалардын авторлору белгисиз)

“Мамлекет кыйроого жакындаган сайын, анын мыйзамдары ошончолук көбөйөт…”

“Биздин көптөгөн көйгөйлөрүбүз биздин бат макул болуп, жок дей албаганыбыздан келип чыгат.”

“Ха-ха! Сиздерге бир сырды ачайын – сиз менен менин добушум эч нерсени чече албайт. Эгерде көпчүлүк добуш берүүдөн баш тартса, калган азчылыктын добушу жеңишти камсыз кылууга толук жетет. Эгерде көчөдө жамгыр төгүп жаткан болсо, адамдар шайлоого азыраак келишет. Шайлоочулар шайлоонун жыйынтыгын укканга чейин боорукер, ишенчээк, бактылуу жана баёо адамдар. Шайлоочуларга аларга сунуш кылышкан адамдарды шайлоонун ардактуу укугун беришет. Кыйын жумушту аткаруу үчүн адегенде өзүңдү шайла.”

“Добушту эсептөө эмес, таразалоо керек болчу. Тандоо убагы келип бирок, аны жасабасаңыз – бул дагы тандоо.»

“Көпчүлүк деген эмне? Көпчүлүк бул – акылсыздык. Акыл – азчылыкта.”

“Добуш берүү – мекениңди жок кылууга кошкон сенин үнүң.”

“Аялдарга добуш берүү укугун берсеңиздер, беш жылдан кийин бойдокторго салык салышат.”

“Демократия бул – туура эмес тандоо жасоого болгон укук.”

“Шайлоолор адегенде кимдир-бирөө шек санаганга чейин чындап эле таза жана абийирдүү болгон…Андан кийин башаламандык башталды…”

“Эми ал алгачкы шектенүүнүн киринен кылымдар бою арыла албай келебиз.”

“Шайлоолор эмне себептен көптөгөн жылдардан бери өтүп жана аны токтотуп коюуга эч ким киришпей жатканынын себебин билесизби?”

“Эркиндиктин бир жутум абасын закускеге алмашам”

“Биз кайрадан парламенттин кудуреттүүлүгүнө ишендик…” (Сергей Мырдин)

“Бийликтин толук кудуретсиздигинин алдында парламенттеги мушташтар күч сыяктуу сезилет.”

“Саясат бул – мүмкүнчүлүктөрдүн искусствосу.” (Отто фон Бисмарк)

“Алтын жүктөнгөн эшек ала албаган чеп жок.” (Филипп Македонский)

“Ар бир эл өзүнө ылайык өкмөттүн башкаруусунда жашайт.” (Жозеф Деместр)

“Ичкен элди башкаруу жеңил.” (Екатерина II)

“Археологдор жер алдынан саясатчылар көөмп койгон тарыхты казып чыгышат.” (Габриель Гауб)

“Эң ийгиликтүү саясатчы бул – элдин баары ойлогон нерсени баарынан катуу айта билген адам.” (Теодор Рузвельт)

“Өкмөт биздин көйгөйлөрдү чечип берет деп күткөндүн кереги жок. Өкмөттүн дал өзү — биздин көйгөйүбүз.” (Рональд Рейган)

“Саясат бул – тагдырлар менен ойноо искусствосу.” (Виктор Кротов)

Даярдаган:  Назгүл Осмонова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here