Башкы прокуратура Мамлекеттик каттоо кызматынына Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Биринчи, Май, Свердлов райондорунунун кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, (Сайкал, Жоомарт дегендер) эки айга камакка алды. Буга чейин белгилүү болгондой алар кыргыз жарандарын Кореяда туруктуу иштөө үчүн аттарын корейче алмаштырып, паспорт жасап беришип, ал үчүн 6-7 миң доллар пара алышкан. Алар бул кылмыштуу ишти өткөн жылы жай айында ишке ашырышып, 56 кыргыз жаранын жасалма документ түрүндө корей жарандарына баш коштурушкан. Алардын жубайы менен ажыраштырышкан. Маселен, 20-25 жаштардагы айрым жигиттерди карыган кемпирлердин “күйөөсү” кылышкан. Жасалма документ жасашкан аферисттер 4 ай ичинде 56 жарандан 27 миллион сом пайда көрүшкөнү айтылууда. Бирок ишти аягына чыгара алышпай, кыңыр иш кырк күн ичинде минтип ачыкка чыгып калган.

Бул кылмыштуу иште департаменттин директору Пратова Мухабат Курсановна тууралуу азыр сөз жок. Балким терең иликтеп чыкса, бир илинчек чыкмак. Ага чейин жетекчи катары мындай ишке жол бергени үчүн кызматтан кетиши керек эле. Ал эми аферист аялдарга ишенип, насыя алып 6-7 миң доллар пара бергендердин да жоопкерчилигин кароо зарыл эле. Себеби, кылмыштуу жол менен ошонун баарына макул болушуп, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөдөн бакыт издеп кетишмек. Бул жөнөкөй маселе эмес. чоң маселе. Андыктан көз жаздымда кайдыгер калбашы абзел.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here