Жалал-Абад шаарындагы Раатбек Санатбаев атындагы №9 орто мектептин эки окуучусу бычак жеп, ооруканага түшкөнүн ИИМдин басма сөз кызматы таратты. Аларды №19 орто мектептин 9-каласынын окуучусу ортодо чыккан мушташтын айынан бычактаган. Учурда жабыр тарткан бир окуучунун абалы оор экен. Бычактын мизи кабыргадан өтүп, өпкөсүнө тийген. Учурда бул окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here