ИИМдин басма сөзү тараткан кылмыштуу окуя көпчүлүктү ойлондуруп койду. Ал маалыматка ылайык: 22-февраль күнү Бишкектин Тыныстанова көчөсүндө жашаган 61 жаштагы аял өзүнүн студент кезден берки жакын курбусу Майрамкүл, анын мурунку күйөөсү 64 жаштагы Нарын, жана алардын  уулу милициялык кызматынан баңгизат менен кармалып, бошоп калган 37 жаштагы Эрнис тарабынан киши колду болгон. Аны Т. Нарын үйүн тоноо максатында барып, үй ичинде  аялдын кичинекей небереси болгондугуна карабасатан трамватикалык тапанча менен башка атып салган. Үй ичин чачып баалуу буюмдарды издешкени менен эч нерсе таппай, акырында ок жеп жаткан аялдын халатынын чөнтөгүнөн 5000 сом табышып, көздөн кайым болушкан. Өлгөн аял «Дордой» базарындагы контейнерин ижарага берип, пайда көрүп, жакшыраак жашоодо жашап келгендиги айтылат. Кийинчерээк маркумудун баласы үйдөн 15 миң доллар жоголгонун кабарлаган.

Алардын кылмыштуу аракеттери үй жанындагы дүкөндөрдүн видео көзөмөлүнө тартылып калгандыктан, из кубарлар аларды 26-февралда кармашкан. Ага чейин бул кылмыштуу ишке түздөн-түз катышып, уюштургандардын бири болуп эсептелген Майрамкүл  жакын курбусунун акыркы сапарга узатуу зыйнатына  (маркум аялдын баласынан кабар берүүсү менен) барып, эч нерсе кылбагандай, жай баракат олтуруп эттен тоё жеп, устуканын баштыкка салып кеткени белгилүү болду.

Мына ушундай эле үрөй учурган окуя бир, эки ай мурун Каракол шаарында болгону коомчулуктун эсинен али чыга элек. Анда окуу жайдын директору, орто жаштагы айымды өзүнүн кол алдында иштеген эсепчи аял анын өз үйүнөн чаламандын чак түшүндө бир нече жолу бычактап салып, изин жарышып кетип, бирок кайра эч нерсе кылбаган кишидей эл менен кошо кайгырып, өзүнүн жетекчисин жерге берүү зыйнатына катышып, анын кара ашына кампайы тойгону ачыкка чыккан. “Кан коё бербейт” дегендей, ал мыкаачы аял көп өтпөй кылтакка илинген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here