Австралиянын Улуттук либералдык партиясынын жетекчиси, тоо кен тармагында  ири бизнестери бар, эң бай адамы эсептелген Клайв Палмер аттуу адам өзүнүн Кыргызстандагы өкүлү катары бир топтон бери кызматташып келген Евгения Беденова деген айымды айыптап чыкты. Себеби, ага биздин мамлекеттеги тоо кен тармагындагы өз кызыкчылыктарын жакшыртуу, колдон келсе жакшы ийгиликке жетишүү  максатында 1 млн. доллар берген. 2011-жылы Палмер Беденова менен  Сингапурдан жолугушуу максаты  менен атайы учакты  250 миң долларга жалдап учуп барганы айтылууда. Кыргызстандыктар бул сырдуу аялдын дайынын уга электе эле, чет мамлекеттердин айрым абройлуу басылмаларынын журналисттери аны менен маектешүү үчүн Бишкекке келишкен экен. Бирок Беденова аларга маек берүүдөн баш тартып келген. Чет мамлекеттик журналисттердин тараткан маалыматына караганда Беденова борбор шаарыбызда 2 баласы менен баасы 260 миң долларга бааланган эки кабаттуу үйдө жашайт экен. Ал 36 жаштагы аял тууралуу биздин мамлекеттин тоо кен тармагын тейлеген Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги эч кандай билбей турганын жар салды.

Интерентен алынган кыялкеч айымдын образдуу сүрөтү (сүрөттө: Беденова эмес)

Азырынча, Беденова тууралуу укук коргоо органдары да эч кандай маалымат тарата элек. Негизи, бул аял өзү менен кошо чоң сырды алып жүрсө керек. Тиги миллиардер деле ага жөн жерден эле миллион долларды кармата койбосо керек. Экөөнүн Кыргызстандын тоо кен тармагындагы кайсы бир кенге ар кандай жол менен болсо да лицензия алуу, аны иштетүү, олчойгон пайда көрүү сындуу пландары болсо керек. Балким бул маселени, бийликтеги айрым таасирдүү атка минерлер билиши мүмкүн. Болбосо, Беденова жеткен миллиардердин коюн-колтугуна чейин кирип кеткен, ишенимге ар кандай ыкмалар менен батырган “аферист” аял болушу мүмкүн. Айтор, азырынча суроолор көп болгону менен, так жооптор жок. УКМК баштаган укук коргоо органдары  көп эле “уктай” бербей, мындай чуулгандуу иштин чоо-жайын тез аранын ичинде териштирүүсү зарыл. Мындай көрүнүштөр өз кезегинде инвестиция тартуу маселесине чоң кесепетин тийгизип коюшу ажеп эмес. Балким миллиардер Палмердин билдирүүсү жалгандыр…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here