Мамлекеттик Юридикалык академияны 12 жылдан бери жетектеп, Кыргызстандагы эң абройлуу окуу жайлардын сап башына чыгарган Канат Керезбеков кезеги жетип, КСДПдан депутат болду. Ага депутаттык креслону өз каалоосу менен депутат Тилектеш Исаев бошотуп берди. Депутаттыкка чейин бизнестин битин чагып келген Исаевдин эмне себеп менен мандаттан баш тартканы ачык айтылган жок. Болгону баягы эле “өз каалоосу” менен деген дежурный шылтоо айтылды. Балким ал чындап эле депутаттыктан тажап кеткендир, же эл билбеген дагы бир жүйөөлөр бардыр. Ал 2010-2011-жылдары «Манас май куюучу комплекс» мамлекеттик ишканасын жетектеген. 2011-жылдан 2015-жылы, Жогорку Кеңешке КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келгенге чейин «Газпромнефть-Аэро Кыргызстан» ишканасынын башкы директору болуп турган, өтө  капчыктуу жигит. Азырынча, илимдүү-билимдүү Кыргызстандагы канча деген  юристтердин “атасы” 47 жаштагы Керезбековду ЖКдагы КСДП фракциясынын аброюн көтөрөт деген ишеним айтылууда. Чынында эле, Керезбеков бир топ депутаттарга салыштырмалуу кыйла эле күчтүү. Маселен, ал 28 жашында юридикалык илимдин кандидаты болсо, 29 жашында бул илимдин доктору болгон. Анын ишмердүүлүгү, эмгекчилдиги өзү көтөргөн окуу жайдын абалынан, аброюнан улам ачык эле көрүнүп турат. Депутат болуп деле жаман иштебес, эң башкысы мамлекетти алдыга сүйрөй турган мыкты мыйзамдарды жазып, мыйзамсыз иштерди ачык айтып, чындык үчүн чыркырап, ак жана так иштеп турса болду.

Эмки кезек белгилүү болгондой “улуу урматтуу” Икрамжан Илмияновдуку. Ал деле жакын арада депутат болот, ага кылмыш козголуп турган Музаффар Исаков деген КСДПчы орун бошотуп бериши толук мүмкүн. Ал болбосо дагы бирөөнө, “заряд” берилип, “кулагы” ушаланып жатат.

Эми Илимиянов келген күндө деле, КСДП фракциясынын аброю укмуш болуп кетпейт. Ошондой болсо да, уламышка айланган “шопурдун” кыргыз бийлигинде башкача даңкы, башкача заты бар. Андан  азырынча көп депутаттар сестенет, кошомат кылышат ж.б. дегендей…

Баса, Илимяновдон кийинки кезек ЖКнын аппаратын жетектеп, ал жактагы анча-мынча алешемдүү иштерди иретке келтирип жаткан, эң башкысы эмгекчил, терең билимдүү, оозунда сөзү бар, келечекке кеңири анализ жасай алган курч көзү бар Абдыманап Кутушев турат. Ал келсе, аталган фракциянын аброю арта түшөрүнө ишенсек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here