КСДП фракциясына аброй алып келбей эле, тескерисинче өзүнүн ар кандай акылга сыйбас «ачылыштары» менен көпчүлүктүн нааразычылыгын туудуруп келаткан Ирина Карамушкина бул жолу да урдурмай жагынан “устачылыгын” карматып, кесиптеши “Ата Мекенчи” Садык Шернияздын сөзүн бурмалап, ага карата сын айтып чыкты. Көпчүлүк билет, көрдү, укту дегендей. Садык Шернияз парламенттин үчүнчү күнкү жыйынында Карыпбековдун автокырсыкка кабылганы угуп, катуу кейигенин, буга жумушундагы ар кандай кыйынчылыктар, тосколдуктар таасир бергени тууралуу өз оюн айткан. Садык мырзанын, ушундай маанидеги сөзүн бүгүн Карамушкина каратып туруп: “Депутат КТРКнын башкы директоруна өлүм каалап жатат”- деген мааниде түздөн-түз бурмалап, жалпы коомчулукка жар салганы көпчүлүктү таң калдырып турат. Депутат башы менен каратып туруп, калп айта берсе жараша береби? Биз билгенден Садык мырзанын адамга өлүм каалаган иттиги деле жок…

Өткөндө Карамушкина мусулмандардын ыйык жума намазына шек келтирип, “жума намазга бараткандарды текшериш керек” – деген келжирек кепти айтып, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ал тургай, активисттер  оозуна алы жетпеген немени депутаттыктан кетирүүгө кол топтоп баштаган. Деги эле, бул аял кесирлүү, оозуна алы жетпеген аял. Кыргыздын улуттук  баалуулуктарына да терс пикирин билдирип, сындап келет. Буга анын кыргыздын ак калпагын чет мамлекеттиктерге: “бизде бул баш кийимди мончого кийишет, мончодон кийиңиз”- деп белек кылганы далил. Жалганды чындай, чынды жалгандай айткан бул айымдын оозун тыйып койчулар барбы?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here