ЖК спикери Чыныбай Турсунбековдун бүгүнкү пленардык жыйынды ачып жатып, ЖКны (анын ичинде өзүн дагы) социалдык тармактарда сындап жазып жатышкандарды “чала сабаттар” деп  атап текебер сүйлөгөнү коомчулукка, айрыкча, социалдык тармактарда активдүү олтургандарга өтө эле жакпай калды. Эртеден бери, Чыныбай мырзаны  бир топ ЖМКлар “чымчып” катуу сынга алып жатат.

Туура, социалдык тармакта сабаты укмуш эместер көп деңизчи.

Ошондой болсо да, алар эң негизинен ЖКнын ишмердүүлүгүн, деңгээлин жакшы эле билишет.  Демек, ЖК өзү ошондой сындарды жазууга түрткү берип жатат. Коомчулуктун купулуна,  талабына жооп бербесе, “чала сабаттар” гана эмес, сабаты такыр жоюлбагандар деле эптеп бирөө аркылуу болсо да соцтармакта “жашагандарга” жаздыра алат. Андыктан, аларды кемсинтүүнүн канчалык кажети бар? Чындай келгенде депутаттардын арасында чала сабат адамдардан да жамандары бар. Маселен, уурулар, жегичтер, чала бандиттер ж.б. Аларга караганда сабаты чала болсо да, мамлекетке, эч кимге зыяны тийбей турган карапайым адамдар 100 эсе жогору турат.

Эгер сиз айткан «чала сабаттар» бирдиктүү, чоң аракет кылышса, далай атка минерлер, анын ичинде  сиз да  “чалкаңыздан” кетип калышыңыз мүмкүн.  Себеби, алар соц тармактарды “жарып” олтурушкан чоң күч эмеспи. Бул жагынан эч кандай талаш жок.

Муну да эске алуу керек, урматтуу төрага! Өткөндө эле депутаттарга сөз берүү-бербөө, убактысын чектөө маселеси сизди кыйла эле жарга такап койгондой болду го…Же аны унуттуңузбу?!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here