Редакциядан:  Кечээ Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияда  өкмөттүн социалдык, маданий тармагын тейлеген вице — премьер министр Чолпон Султанбекова  улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын туура айта албай, уят эле болгону тууралуу маалымат жарыялаган. Мына ушул маалымат сайттагы эң көп окулган окулган маалыматтардын катарын толуктап, ондогон окурмандар өз пикирлерин жазышты. Алардын айрымдарын “Чагылган” жарыялап коюну эп көрүп турат. Албетте, атка минерлерге сабак болсун деген ниетте. Мындан тышкары, биз экс-депутат Нарынбек Молдобаев менен экс-вице премьер министр Дамира Ниязалиеванын да бул боюнча кыскача пикирин укканбыз.

Нарынбек Молдобаев, экс-депутат, коомдук ишмер:

-Мен эми биринчиден сын таккандай болбоюн. Бирок Сагымбайды Чолпон Султанбекова эле эмес, башка атка минерлердин деле тыңгылыктуу билерине көзүм жетпейт. Ал эми өзүм Сагымбайды жакшы билем. Жаш кезимден “Манасты”, манас таануучулурдын эмгегин көп окудук. Мисалы, Сагымбайдын “Манас” боюнча варианты Саякбай Каралаевадин вариантына караганда 30 эсе көп. Союз жаңы орноп, адабият-маданиятты, элдик мурасты жайылтуу иши күчөп баштаганда, Сагымбайдын “Манасын” толук жаздырышпай, тоскоолдук кылып коюшкан. Себеби, анын варианты боюнча Манас атабыз Бээжинди эки жолу чаап алган. Андан тышкары, Грузияны, Кавказды толугу менен багындырган.

Союз кездеги идеологиясы боюнча: “Кантип эле кичинекей, аз сандагы кыргыз эли чоң Кытайды эки ирет чаап алсын, Грузия ССРдин курамында болсо, анан аларды кыргыздар чаап алып жатса, идеологияга туура эмес келип жатпайбы. Грузия деген байыркы өлкө, буга ким ишенет”-дешип, Сагымбайдын вариантын чыгартпай, элге жайылтпай, катып салышкан. Кийинчерээк, белгилүү манасчылар Самар Мусаевдер изилдеп, казып олтуруп, акырындык менен чогултуп жарыкка алып чыгышкан. Сагымбай Тыныбек, Балык деген чоң манасчыларды угуп, ошолордон таалим алган. Келдибек чоң манасчы болсо анын тайлары болот. Айтор, Сагымбай атабыз тууралуу айтсак абдан эле арбын сөз болот. Менимче, азыркы бийликте жүрүшкөн көп эле чиновниктер, абройлуу партиялардын, фракциялардын депутаттары, лидерлери деле кыйратып билишпейт. Капсынан сурап көрсөңөр уят болуп калышы  мүмкүн. Негизи, башкасын билбесек да, элибиздин эң негизги сыймыгы болгон Манасты, аны айткан белдүү, эң чоң манасчыларыбызды билбесек баарыбызга эле уят. Бул үчүн бизди Манас атабыздын арбагы да, кийинки муун да кечирбейт!

Дамира Ниязалиева, экс-вице премьер министр:

-Чолпон айымдын Сагымбай атабызды, деги эле “Манас” эпосун, чоң манасчыларыбызды кандай деңгээлде билеринен менин кабарым деле жок. Мындайда сын айтуу да кыйын. Сын айтаардан мурун, адам эң биринчи ошол маселе боюнча өзүнө жооп бериши керек деп ойлом. А, бирок элибиздин бирден-бир, чоң манасчыларыбызды биле жүргөнүбүз өзүбүздүн нукура кыргыз экенибизден кабар берип турат. Билбегенибиз, бизге, айрыкча кызматта, эл көзүндө жүрүшкөн инсандарга аброй алып келбейт менимче. Дагы кошумчалап айтсам,  биринчи кезекте өкмөт, андан тышкары колунда бар бизнесмендер, ишкерлер, деги эле  баарбыз тең элибиздин руханий дөөлөттөрүнө кызыгып, аларга терең көңүл буруп, колдон келишинче Манасты, манасчыларды жайылтып даңазалашыбыз керек. Ушундай алгылыктуу иштер дайым жасалып турса, жалпы элибиз, жаштарыбыз “Манас” эпосуна, манасчыларыбызга, Сагымбай атабыз сыяктуу залкар манасчыларга кайдыгер карабайт десек болот.

Дамира айым, бир суроо. Сиз көп эле кызматта жүрдүңүз, ишкерлик менен да алектенип, мүмкүнчүлүгүңүз да бар дегендей. Сурайын дегеним, өзүңүз айткандай манасчылар үчүн эсете кала тургандай бир иш жасадыңызбы?

-Мен “Манас” эпосу үчүн эч качан кайдыгер караган эмесмин. Деги эле, биздин элибиздин нечен кылымдардан бери түптөлүп, топтолуп келген руханий – казынасы укмуш да. Биз ага кайдыгер карабашыбыз керек. Тескерисинче сыймыктанып, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүүнү колго алуу зарыл. Сиздер сурап калдыңыздар, бир аз кылган эмгекти учкай айтпасам болбойт. Мен убагында Сагымбай атабызга өз айылында урпактары менен бирге куран окутуп, өз каражатыма эстелигин оңдоп-түзөткөм. Бул ишти эл көзүнө көрүнөйүн деп эмес, улуу инсандын арбагы ыразы болсун деп жасаганбыз!

Жамбылбек Камчиев, белгилүү куудул:

— “Манасты” айтасыздар, Манастан берки эле,  өзү жазмакер С. Раев министр болуп турганда бүгүнкү эле обончу Кадыралы Артыковду -» бул ким эле?» -деп мени таң калтырган жайы бар. Раев ушинтип аткан соң, башкасына кеп жок да…

Кытайда Мамлекеттик кызматка кабыл алуу жүргөндө бир орунга 300дөн 30 миңге чейин арыздар түшүп, алардын билими компьютердин жардамы менен текшерилип, экзамен тапшырышат экен.

А бизде 1 орунга , бир гана акмак көрсөтүлөт. Анан кантип мамлекет өнүгөт? Айтыңыздарчы,  урматтуу мекендештер?! Ушундай кадрлардын бийликке келишине Акаев, Бакиев, Текебаев, Атамбаевдер түзгөн Система күнөөлүү.

 “Чолпон Султанбекова Сагынбай Орозбаковду билбей уят болду”  деген макаланы ФБдан окуп, ага карата пикир жазгандардын айрымдарын бул жерден окуңуздар:

Нурбек Асанбеков: Эми мындай адамдар өтө эле көп. Ошондуктан жашообуз оңолбой жатат. Канча деген жаш акылдуу балдар жүрүшөт жумуш издеп. Эмне үчүн жумушка алардын алдында буларды текшеришпейт. Кудайдан жоо качкан немелер башкарып эл — журтту уят кылып жүрүшөт?.

Комузда канча кыл барын билбегендер да маданият үйлөрүндө башчы болуп иштеп келишкен учурлар болгон. Ал эми аял жолдошторго жумуш табылыш оңой эле турбайбы жана наам деле бат эле ала калышат. Кантип? Аны өзүңөр билесиңер.

Кубатбек ДжунусовБлондинка Камила Талиева деле министр кезинде Абдылас Малдыбаевдин юбилейин өткөрүш жөнүндө элдер киришсе, Талиева «ал өзү келсин»- деп айтып уят болуптур. 😁 😁 😁

Ayjarkin Adilovna: Мынакей акчалуу бирок сабатсыз эл башкаруучулар аябай окунучтуу элибизди мындайлар башкарып жатканы

Turar Isakov: Китеп бетин ачкан эмес ко уятта элементарный нерсе го кыргыздын тарыхын билбеген жетекчи, жетекчиби?  Саякбайды билбесе айтып койбойбу биснесмен деп, аа деп коймок да.

Калысбек Турдумамбетов: Уят!

Айгул Базиева: Ант бергенде да уят болгон эле

Таалайбек Джуматаев: Бир эмес эки үч, төрт диплому болгону менен, өзүнүн ички дүйнөсү ою билими (интелекти) жоктор, айта берсең арман көп дегендей күйдүрөт да.

Joomart Akimkanov: Чачы узун акылы кыска деген ушу

Амадила Гаипов: Уяты,  ар намысы, жөнөкөй адамдык касиети болсо ,ушул деңгээли менен Эл башкарып убалга калбай орунду БОШОТУП кетсин!

Асель Жолдошбекова: Боёнгондун оордуна бир нерсе билип албайбы)))Кыргызстанымды гүлдөтүп жибергим келет да…бирок колдон келбейт азырынча 😊 😊 😊

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here