Криминалдык чөйрөдө аты бар, ага жараша салмагы да бар Кадыр Досоновдун каймана аты “Жеңго” экени көпчүлүккө белгилүү. Анын атагы өзгөчө ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деген шек менен кармалган соң чыккан. Айрым маалымат булактары тактабай эле, балким оппозицияга, өзгөчө Текебаевге жан тарткандар “Досоновду Оштон Бишкекке атайы которушуптур, эми аны абактагы Текебаев менен Чотоновго каршы колдонот экен” –деген кыйыр түрдөгү маалыматты таратышкан. Кийинчерээк бул маалыматты, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы четке каккан болчу. Белгилүү болгондой, Досоновдун соту Ошто кыйла убакыттан бери бүтпөй созулуп келатат. Чындай келгенде, “Жеңгонун” бийлик менен ымаласы кандай экенин эч ким билбейт. Эгер бийлик криминалды кайсы бир ишке колдонгусу келсе, оңой эле колдонуп коёт. Буга чейин мындай учурлар көп эле болгон да. Бирок “Женгонун” крим чөйрөдөгү салмагы деле анчалык чоң эмес. Салмагы сайдын ташындай чоң кримавторитеттерди көпчүлүк билет.

Деги эле, кыргыз оппозиция да, бийлик да такталбаган маалымат таратаканга өтө уста. Бул да бир тараптуу маалымат экени байкалып эле турат.  Алар көбүнчө өздөрүнүн анча-мынча тааныштыгы, же таасири бар, же кайсы бир ымаласы бар ЖМКны жана анын өкүлдөрүн пайдаланышат. Анан көп учурда эки тарап тең журналисттерди күнөөлөп коюшат.

Туура, туура эмес, билип,билбей эле жазган журналисттер да көп. Бирок көптөгөн чуулгандуу, такталып-такталбаган маалыматтардын “авторлору” бийлик менен оппозиция болушаарын эске алуу керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here