Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак, адамдын мээси саат 21:00-23:00гө чейин абдан активдүү э салат экен. Мына ушул убакта адам жатып уктап эс алса, мээ сергип, ой жүгүртүү жана эске тутутуу жөндөмдүлүгү да активдүү боло баштайт. Эгер түнкү 1:00 чейин уктабасаң, анда мээ эс ала албай, адамдарда кыжырдануу, алсыздык, стресс пайда болот. Негизи эле убагында уктабоо адамдын эс тутумунун начарлашына алып келет.

  1. Уйку мээнин жана организмдин, дененин эс алуусун гана камсыздабастан адамдын жаштыгын, сулуугунун сактоодо да чоң роль ойнойт. Ар дайым убагы менен уктап, уйкусу канган адамдар жаш жана сулуу көрүнүшөт. Себеби оргнизмдеги клеткалар көбүнчү уктап жатканда жаңыланат экен.
  2. Америкалык окумуштуулар уйкусу канбай, дайыма чарчап жүргөн аялдар бат толорун далилдешкен. Себеби өз убагында уктабаган адамдарда зат алмашу процессии начар жүрүп, натыйжада адамды семирүүгө алып келет.

3. Уктап жатканда организм денедеги болгон улуу заттарды бөлүп чыгарып тазаланып, клеткалар жаңырып кайра калыбына келүү процессин күндүзгүгө караганда эки эссе көп жасарын окумуштуулар айтышууда. Ошондуктан түнкүсүн уйку учурунда иммунитет көбүрөөк пайда болуп, организмдин вирустарга турктуулугу өсөт. Эгер адам аз уктаса, уйкусу канбаса анда ал вирустук оорулар менен көп ооруйт экен. Анткени иммунитет алсыз, коргой албайт.

4. сааттан кем уктабаган адамдар кеч картайшып, бырыштар да бетине аз түшөрүн окумуштуулар далилдеп келишет. Жаштыгыңызды сактайм десеңиз 8 сааттан кем уктабаңыз.

Ушул аралыкта кан айлануу процессии жүрүп, беттеги мимкалык бырыштар өзү эле жазылып, бет терси жылмакай жана серпилгич боло алат экен. андыктан уйкуга убакыт бөлө билиңиз.

5.Уктайт десе эле түшкө чейин уктай берген да туура эместигин окумуштуулар билдирип келишүүдө . Адам канчалык көп уктаса анын өмүрү да ошончолук кыскарарын япондук окумуштуулар айтып келишет. Бул организмде кайра –кайра жаңылануу, кан алмашуу, зат алмашуу прцесстеринин жүрүшү менен түшүндүрүлөт.  Ошондуктан нормадан ашпай 8 сааттан ашык уктабаш керек.  Ал эми суткасына 4-5 саат гана уктаган адамдардын өмүрү да нормалдуу уктагандарга караганда 1, 5 эссеге кыскаранын далилдешкен.

6.Толук эс алуу жана көпкө созулган уйку ыңгайлуу төшөктө гана мүмкүн. Төшөктү таза кармап, мезгил-мезгили менен кагып, чаңдан арылтып, төшөктөрдү, жаздыктарды көбүрөөк желдетип, күнгө кактоо зарыл. Кыймыл жана дем алууга тоскоол кылбаган ич кийим кийип жатуу керек. Уктаганда чүмкөнүп жатууга болбойт, ал дем алууну кыйындатат. Уктоочу бөлмөдөгү аба таза болууга тийиш, күн жылуу мезгилде терезени ачып, кышкысын уктарда бөлмөнү желдетип же терезени ачып коюу сунуш кылынат.

7.Уктаардын алдында 10— 15 мин. сейилдөө абдан пайдалуу, ал нерв системасын эс алдырат. Уйкунун алдында ваннага түшүү да жакшы. Тамакка абдан тоюп же ачка жатса да уйку тынчсыз болуп, ар кандай түш көрөт. Ошондуктан уйкунун алдында  тамактанып алуу туура, бирок ашыкча эмес. Уктарда тамеки тартпоо керек. Анын курамындагы заттар да адамдын укташына, тынч эс алуусуна тоскоолук жаратат.

8.Уйкунун узактыгы жаш өткөн сайын азаят, мисалы, 1 жашка чейинки бала суткасына 18, чоң киши 7—8 саат, улгайганда андан да аз уктайт. Нормадан көп же аз уктаган ар бир адамда кан басымдын көтөрүлүшү, диабет жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу көйгөйлөр жаралышы ыктымал. Илимпоздор аныктагандай, 6-8 саат уктаган адамдарга караганда, тубаса уйкусуз адамдарда өлүм коркунучу 12% га жогору болот. Ал эми 6-8 саат уктагандарга караганда көп уктаган адамдардын арасында өлүм коркунучу 30%га көбүрөөк болгон.

Автор:  Жаркынай Кадыркулова

                          

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here