Эрте картаюууга каршы…

Айымдардын жашы өткөн сайын терилери шалбырап, беттерине бышырштар түшө баштайт. Кээ бирөөлөрдө картаюуу процессии эрте жүрөт. Бул айымдын өзүнө- өзү кам көрбөгөндүгүнөн улам болот. Эрте картаюунун алдын алуу үчүн айымдар төмөнкү нерселерден баш тартуусу зарыл:

Ичимдиктер

Ичимдик ичүүдөн, тамеки тартуудан. Ичимдик менен тамеки аялзатын эрте    эле картаюусуна алып келбестен жаман адат катары да бааланат. Ичимдик ичкен аялдар жаш кезинде сулуу болсо да, убакыт өткөндөн кийин өзү курактагы айымдарга салыштырмалуу бат картаят. Анткени тамеки менен ичимдик адамдын организминдеги пайдалуу заттардын баарын ууландырып, натйжада адамдын органзими жалаң уулуу заттар менен азыктанып калат.

Майлар

Майлуу тамактардан баш тартуу. Майлуу, куурулган тамактар да адамдын организмине терс таасирин тийгизет. Өзгөчө малдын майлары калориялуу келип, организмдеги минералдык заттардын сиңишине терс таасирин тийгизет. Организм пайдалуу азыктар менен тамактанбаса, анда ал картая баштайт.

Жашылча- жемиштер

Жашылча- жемиштерге көп басым жасоо. Жашылча –жемиштердин пайдалуулугун баарыбыз жакшы билебиз. Биздин өлкөдө  жашылча –жемиштин көп түрү өсөт. Аларды күнүмдүк жашообузга колдонуу мүмкүнчүлүгү ар бизде бар.

Кыймыл-аракет

Активдүү  кыймыл- аракет. Көп кыймылдабаган адамдар да эрте картаят. Ошол себептен колдон келсе, үйдө көнүгүүлөрдү жасап. Бийлеп туруш керек.

Тең салмактуулук

Психологиялык тең салмактуулук. Дайыма күлүп, ырдап, жайдары, шатыра-шатман жүргөн адамдар да кеч картаят. Анткени күлкү, жакшы маанай адамга дайыма оң энергия берет.

Позитивдүүлүк

Негативден алыс болуп, ар дайым бирөөлөргө жардам көрсөтүп, жакшылык каалаган, ак көңүл адамдар көп жашайт жана кеч картаят. Андыктан дайыма күлүп, жакшы ниет менен жашоого үйрөнүңүз.

Тынч уйку

Адамдын психологиялык жактан эс алырууну эң жакшы жолу тынч уйку. Эртеден — кечке  ызы-чуудан нерв системалары чарчайт. Аны эс алыруу үчүн суткасына 7-8 саат тынч уйку керек. Уктап тургандан кийин адам кадимкидей эс алып, күндүзгү болгон терс көрүнүштөрдү унутат.

Уйку тынч болуш үчүн адегенде жаткан бөлмө салкын, таза, ыңгайлуу болушу керек. Андан кийин кийип жата турган кийимдер пахтадан тигилген, денеге жагымдуу, ыңгайлуу болгону дурус. Жатарда эч качан кофе, коюу чай ичпеш керек. Уктар алдында жаман ойлордон арылып, жакшы нерселерди ойлоп жатсаңыз, бат уктайсыз.

Уйку качканда…

Эгер уктайын деп бирок уктай албай кыйналып жатсаңыз, анда өзүңүздү кыйнап уктабаңыз. Денени бош коюп, үч жолу терең де малыш керек. Андан кийин көздү кол менен жаап, желкени акырын массаждоо керек.

Автор: Жаркынай Кадыркулова

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here