Кыргыздын сыймыктуу  уулу, атактуу КВНчи Эдияр Кененсаров Орусиянын КВНинин премьер лигасынын 1/8 финалында калыстар курамында болгонун КВНдин расмий сайты жарыялады. Эреже боюнча калыстар тобуна ийгиликке жетишкен азыркы жана мурдагы оюнчулар чакырылат.

Жогорку лиганын калыстар тобуна  болсо маданият жана шоу-бизнестин атактуу өкүлдөрү, КВНдин  ардагерлер, ошондой эле ийгиликтүү  бизнесмендер чакырылып келет. Биздин мекендешибиз  бул жолу  «Лунный свет» командасынан Филипп Воронин, «Сборная города Мурманска» — Герман Иванов жана «Плохая компания» командасынан Валерий Равдиндер менен бирге калыстык кылган. Элдиярдын элибизди ушундай ийгиликтер менен ар дайым кубанта беришине биз да тилектешпиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here