Акыркы маалыматтарда карганда Кыргызстандын муфтийин шайлоо  туура бир айдан кийин, тагыраагы 4 апрелде өтөт. Кыргызстан мусулмандарынын Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы үчүн 8, 21 уламадан куралчу Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгү  үчүн 54, ал эми Муфтийдин орду үчүн 3 талапкер катталганы маалым болду. Алар: азыркы муфтий Максат ажы Токтомушев, мурдагы муфтий, айтылуу аалым Чубак ажы Жалилов жана Ош облусунун казысы Ниязалы Ариповдор.
Эми аларды алдыда оңой эмес сынак күтүп турат. Талапкерлерге 12 пункттан турган талап коюлган. Талапкерлер төмөндөгүдөй талаптарга жооп бериши жана сапттык, кулк-мүнөздүк жагынан төп келиши зарыл. Кыскача мазмуну мындай: Баш мыйзамды, мыйзамдарды билген, жогорку диний жана светтик билимге ээ, демократиялык коомдун принциптери боюнча түшүнүгү бар, ханафий мазхабын карманган, ислам негиздерин терең өздөштүргөн, муфтиятта кеминде үч жыл иштеген, эл ишенимине кирген, саясий партияларга кирбеген жана соттолбогон инсан болушу керек.  Аалымдар Кеңеши тандалып алынган талапкерлерди 4-апрелде өтчү жалпы Кыргызстан мусулмандарынын курултайына сунуштап чыгат.

Белгилүү болгондой Чубак ажы муфтий болуп иштеген мезгилде, ал эң башкысы ажыга баруу боюнча коррупциялык схеманын тамырын кыркып, бул маселе боюнча бир топ жакшы иштерди жасаган. Ал эми азыркы муфтий Максат ажы Чубак ажынын жасаган иштерин ийгиликтүү улантты. Жалпысынан жаман иштеген жок. Экөөнүн тең коомчулукта кадыр –баркы бар. Бирок Чубак ажынын абройу жогору экенин талашсыз. Демек, Чубак ажы экинчи ирет муфтий болуп калышы ажеп эмес. Үчүнчү талапкер  Ниязалы Ариповду коомчулук анчалык тааныбайт. Ал ЖКнын мурунку депутаты, учурда БШКнын мүчөсү Назарали Ариповдун бир тууганы.  Баса, дагы бир дин аалымы, абройлуу, эл баалаган инсан Абдышүкүр Нарматовдун эмне үчүн бул ирет талапкер болуп чыкпагандыгы азырынча белгисиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here