Бүгүн түшкү саат ЖК жыйыны түшкү саат 2лерге чейин тынымсыз созулду. Текебаевдин камалышы боюнча Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушту. Эки атка минерди КСДПнын депутаттарынан башкасы дээрлик үстөккө-босток суроо берип, бир топ жүдөтүштү. Айрыкча, “Ата Мекендин” убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шернияз, Аида Саляновалар көп жолу сөз алып сүйлөштү, же спикер Чыныбай Турсунбеков айткандай “бүгүн  “ата мекенчилер” жакшы эле эркеледиңер” деп айтканындай эле болду.

Турсунбеков бүгүнкү кан кызыткан жыйынды мурункуга салыштырмалуу жакшы эле алып барды. Тажрыйба топтоп,  жүдөбөй калыптыр. Ал тургай микрофонго кайра –кайра жулунуп, эки-экиден жакташып, улам убакыт сурагандарды убакытты токтоткула дегендерди жакшы эле курч сөздөр менен  какшыктап жатты. Маселен, ал “убакытты Кудай да токтото албайт”, “кайталап сүйлөгөнү үчүн да убакыт кошкула”, “дем алганы үчүн да убакыт кошуп берип койгулачы” деген “канаттуу”  сөздөрү” көпчүлүккө жагып турат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here