Атамбаев кечээ Кыргызстанга Орусиянын көптөгөн өлкөлөргө, анын ичинде биздин мамлекетке, өзгөчө бийликке абдан таасирдүү президенти Владимир Путин келип кеткенден кийин, кандай себептер менен экени белгисиз, айтор 2015-жылдын 7-октябрынан бери Президенттин аппаратын жетектеп келген Фарид Ниязовду бул кызматтан алып, анын ордуна быйылкы жылдын 31-январында Президенттик аппараттын биринчи орун басары болуп дайындалган Сапар Исаковду дайындады. Негизи, анын жетекчи кылуу мурун эле чечилген, ошондуктан орун басар кылып 1 ай иштетти. Ал эми Ниязов болсо, кайрадан Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал бул кызматта 2011-2015-жылдары иштеген.

Деги эле,  Алмазбек  Атамбаев Президенттик аппараттагы чиновниктерди, так айтканда өзүнүн, оң кол, сол кол, оң көз, сол көздөрүн бир канча жылдан бери тез-тез эле ээлеген кызматтарынан алмаштырып келатат. Маселен, буга уламышка айланган,  “улуу”  атка минер Икрамжан Илмияновдун кызматтык карьерасы сонун мисал болот. Ал ажонун амири менен Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, кийин кеңешчиси болду. Анан шайлоо алдында кызматтан кетип КСДПнын штабын тыкыр көзөмөлгө алды. Азыр болсо, анын депутаттык мандат алууга тизме алдында 1 гана талапкер, так айтканда Юридикалык академиянын ректору Канат  Керезбеков турат. Жакынкы арада депутат болуп калышы ажеп эмес. Илмиянов сыяктуу аппаратта ар кайсы кызматтарга секиргендердин катарын камчы сапка жараксыз  Мира Карыбаева, Элвира Сариева дегендер толуктайт.  Айтор ушундай.

Жакшы сөз бар го: “Орун алмашуудан, сумма өзгөрбөйт” –деген. Эми Исаковдун аппарат жетекчиси болушу менен эмне өзгөрөт? Негизи эле, Ниязов менен Исаковдун айырмасы эмне? Экөө тең канча иштешкени менен Президентке эч кандай аброй алып келе алышкан жок. Өзгөчө Сапар Исаковдун туура эмес кылган иштери абдан көп экени айтылууда. Анын кылган иштерин жакындан, жакшы билген  адамдар абдан эле көп. Эми алар, Кудай кааласа ачыкка чыгат. Демек, кызматтан кеткен соң кадимкидей жоопко тартылып калышы толук мүмкүн. Туура, Исаков Ниязовго караганда чапчаң, айтылган ишти кынтыксыз, ашыгы менен аткарышы мүмкүн. Бирок анын андай “таланты” ар дайым болбосо да, айрым кездерде мыйзам бузуулар менен коштоолорун карапайым эл айрыкча тар чөйрөдөгүлөр эң сонун билишет. Мындан улам, ал Атамбаевге кесепети тийбейби деген суроо туулат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here