Бүгүн “Ата Мекендин”  митинги  Ак үй алдында башталып,  бир нече жүздөгөн адам Текебаевдин абактагы кайрылуусун КТРК имаратына түз эфир аркылуу чыгаруу талабы менен барышкан. Алар менен Башкы директордун орун басары чыгып жолугуп, түз эфир бере албастыгын,  Илим мырзанын өлүм алдында жатканын жүйөө келтирип, ачуусу менен кыйкырып айтып жатса, митингчилердин арасынан: “Илим, өлүп калсын” деп маңкуртчасынан кыйкырыптыр.

Мындай, айкөл кыргыз эли керек болсо душманына да каалаган эмес. Өлүм алдындагы адамга,  өлүм эмес, чың ден соолук,  тезирээк сакайып кетишин каалап, Кудайга жалынып келген. Кыргызда: “Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өз өмүрүңдү тиле” –деген эң сонун, ыйык сөз бар. Тилекке каршы, элибиздин ичиндеги көп эле адамдардан нукура кыргызга кылымдар бою таандык болуп келген нарк, адамдык касиет кетти. Мурда “Бир карын кумалак майды, бир кумалак чиритип” келсе, азыр бир карын майды миң кумалак чиритип баратат окшойт. Албетте, мындай көрүнүштүн баары өкүндүрүп, көкүрөгүңдү көзөп өтөт. Эгер 3-4 күндөн бери болуп жаткан митингде Чиркешовичти жаман көргөн бирөө барып: “Текебаев өлүп калсын” деп кыйкырып койсо, Кудай бетин салбасын, “ата мекендин” фанаттары ал шордуунун шорун шорподой кайнатмак. Кыскасы, кесепети жаман болмок, керек болсо сасык саясатка айланып кетмек. Андыктан, бир эмес, миң митинчги болсо да, ойноп сүйлөсө да, ойлонуп сүйлөшү керек.  Айтор, азыр аты такталбай турган ал нааданды сөзү үчүн жоопко тартып койсо сонун жарашмак. Себеби, башкаларга да сабак болмок…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here