«Ата Мекен» партиясынын юристи Канат жана Таалайгүл Токтакунова бүгүн журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, абактагы Өмүрбек Текебаевдин  бүгүнкү дата менен жазылган кайрылуусун окуп берди. Анда:

Менин Кипирге, Венага болгон сапарымдын жыйынтыктарында менин колума 2017-жылдын  16-январда  Бишкек аэропорттун жанындагы Дача-Суу айылынын үстүнө кулаган учактын ичиндеги товар  боюнча маалыматтар тийди. Тилекке каршы, мен ал маалыматтарды элге жарыялоого жетишпей калдым. Бул маалыматты менин ишенимдүү адвокаттардан депутаттык комиссияга, юристтерге берем”-деп жазылган.

Муну менен бирге Текебаевдин адвокаттары учактагы товар  Алмазбек Атамбаев менен анын жубайына таандык болгону жар салды.

Анын журналисттерге көрсөткөн документте Түркиянын атайын кызматынын эмблемасы бар жана анда «өтө жашыруун» деген белги бар болгон.

Кыйраган учактагы жүк, телефондор жана башка жүктүн баары: «Президент Алмазбек Атамбаев жана анын аялына таандык» деп жазылган. Адвокаттардын билдиргенине караганда атайын кызмат ушул документти алууну максат кылышып, үч күндөн бери аңдып жатышканын сөз кылышып, кокус өздөрүнө кол салуу болсо атайы кызматтардан көрүшөрүн кошумчалашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here