КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков түндө Бишкектин Түштүк магистрал көчөсүндө машине менен баратып, жол кырсыгына кабылганы белгилүү болду. Бул окуяны азырынча ар ким, ар кандай баалап, айрымдары саясый боёк сүртүүгө аракет кылышууда. Кандай болгон учурда да, бул биринчи кезекте — кырсык. Элибиз бекеринен: “Кырсык каш кабактын ортосунда” деп айтпайт. Илим мырзага  №4 ооруканада операция жасалып, абалы туруктуу экени маалым болду. Биз Илим Карыпбековдун тезирээк сакайып кетишине тилектешпиз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here