Мындан эки-үч саат мурунку айтылган маалыматтарда КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун абалы операциядан кийин туруктуу деген маалымат анчалык чыныдыкка дал келбей калгандыгы ачыкталды.  Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков «Азаттыкка»  буларды айтты:

-Карыпбеков ооруканага бүгүн таңга жуук саат 4.11де түшкөн. Абалы оор, бизге келгенге чейин клиникалык өлүм деп коет, жүрөгү токтоп келген. Кан басымы төмөндөп, канды көп жоготкон. Керектүү дары-дармектерди алып жатат. Болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Илим Карыпбековду  министр Талантбек Батыралиев өз көзөмөлүнө алган. ИИМдин маалыматы боюнча Карыпбеков жол кырсыгына 1-март күнү саат 3:19да кабылган. Ал  (автоунаанын ичинде жалгыз болгон) айдап бараткан  «Рейндж-Ровер»  үлгүсүндөгү  авто унаа Бишкектин түштүк магистрал көчөсүндө жайгашкан “Сенатор” кафесинин бет маңдайындагы жолтосмодон өтүп, мамыны сүзүп токтогон. Айрым маалыматтарга караганда илим мырзанын бутуна темир кирип кетип, кан көп кетип калган. Кырсык болгон жерден тартылган тасмада: кулап калган машинеге 4-5 бала жардамга чуркап барганы тартылып калган. Учурда, Карыпбековдун кан басымы көтөрүлүп, акырындык менен жылыш болуп жатканы айтылууда

Ылайым эле, Жараткан жар болуп Илим мырзанын ден-соолугу жакшы болуп кетсин!

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here