Бүгүн Сагымбай Орозбаковдун 150 жылдыгына арналган илимий практикалык конференцияда  өкмөттүн социалдык, маданий тармагын тейлеген вице — премьер министр Чолпон Султанбекова  улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун фамилиясын туура айта албай, уят эле болгону тууралуу социалдык баракчаларда маалымат тарады. Ал жыйынга катышкан окутуучу мугалимдер  гана эмес, студенттер деңгээлине таң калышып, жакасын кармаганга аргасыз болушуптур. Бул эмне деген шумдук, бүткүл кыргыз элине белгилүү манасчынын билбегенден кийин, вице айымдан эмне жакшылык күтүүгө болот?!

Башкасын билбесе да, Чолпон айым Манасты, баарын болбсо да Сагымбай атабызга окшогон залкар манасчыны билип алса, эң ириде өзүнө жакшы болмок.

Мындан улам эске түшүп жатат,  2012-2014-жылдары КРнын вице-премьери  болуп иштеген, өзүнүн кесиби педогог, ага чейин бир топ жыл ЖОЖдо филология факультетинин деканы болуп жүргөн Камила Талиева дагы бир ирет залкар манасчы Саякбай атабызды, «залкар композитор» деп айтып элге — журтка уят эле болуп, катуу сынга алынган. Талиеванын мындай “ачылыштары” учурунда көп эле болгон.  Чолпон айымдын минтип мурунку виценин жолун “жолдоп” жатканы анын билим-деңгээлинен кабар берет да, туурабы? Болбосо, ал деле жогорку билимди 1991-жылы Москвадагы Мичурин атындагы педагогикалык окуу жайдан алган, кийин 2006-жылы КРнын юридикалык академиясынын, 2007-жылы Дипломатиялык академиянын дипломдорун алган. Мына сага, бир эмес үч ЖОЖдон билим алган вице айымдын  деңгээли…

Баса, Сагымбай Орозбак уулун билбегендерге ал тууралуу кыскача жаза кетели.Бул вице айымга да, башкага да сабак болсун деген тилекте…

Улуу манасчы атабыз 1867 -жылы Ысык-Көлдүн күңгөй тарабындагы Кабырга деген жерде (Сары-Ой) туулган. Бул дата манасчынын дүйнөдөн кайтаар жылы (1930-ж.) өзү «мен быйыл 63 жаштамын» деп айткан маалыматтын негизинде алынган.

Теги жумгалдык саяк уруусунун мойнок уругунан. Атасы Орозбак өз мезгилин мыкты чоорчу-сурнайчыларынан болгон. Орозбактын сурнай тарткандыгы 1847-жылы болгон кыргыз-казак согушунда эскерилет. Орозбактын өз аты — Акеше. Атың начар экен деп, Орозбак ысымын Ормон хан койгон. Алгач Ормон ханга Орозбактын агасы Орозой келип турган. Алгач Ормон хандын кернейчиси Орозой болгон. Ал өлгөндөн кийин Орозобак Ормон хандын кернейчиси болуп калган. Сагымбай 12-13 жашка келгенде Орозобак 80 жашында дүйнөдөн кайтат. Сагымбайдын тайлары атбашылык азыктардан болгон.

Чоң манасчы Келдибек Сагымбайдын жакын тайкелеринен болгон. Сагымбай Орозбак уулу айткан «Манас» жазылып алына баштаганда ал 55 жаш курагында болуп, манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып, кыл табында келген учуру болгон.  Бир нече жылга созулган  «Манасты» жаздыруу иши 1926 жылы август айында аяктаган. Жазылып алынган тексттердин көлөмү 180378 сап ырды түзгөн.

1929-жылдан тартып айылдык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сагымбайды бай-манаптардын ырчысы деп кодулап, ыгым-чыгымды көп салышып, унчукпай төлөгөнүнө карабастан куугунтуктай башташат. Сагымбай эки аялы бар болгондуктан өзү дагы чочулайт. Натыйжасында Ысык-Көлдүн Тору-Айгырына көчүп кетет. 1930 жылдын жазында Сагымбайдын оорусу катуулайт. Кочкордон туугандары келип жергиликтүү элдин каршылыгына карабастан Кочкорго алып кетишет. Жолдоно кабар уккан эл үч жерден тосушуп манасчыга жоолугуп абал сурашат. Аңырты суусуна боюна келгенде, 1930 жылдын май айында дүйнөдөн кайтат.

Сагынбай Орозбаковдон жазылынып алынган тексттер «Манас» эпосунун окуяларынын баштан аяк толук жана кеңири баяндаган илимге белгилүү биринчи факт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here