Эл сыймыктанган мекендешибиз, балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова  жакында эле Швециянын Клиппан шаарында 17-19-февраль күндөрү өткөн Klippan Lady Open аталышындагы эл аралык турниринде күмүш медалдын ээси болуп келгендиги баарыбызге маалым. Белгилүү болгондой Айсулуу Швециядагы ал мелдеште бутунан жаракат алып, алтын медаль үчүн аргасыздан күрөшө албай калган. Бул көрүнүш Тыныбекова үчүн эле эмес, жалпы элибиз үчүн өкүнүчтүү болуп калды.

Ошентсе да жеңиш менен кайтып келген балбан кызыбызды мекендештерибиз чоң кубаныч менен тосуп алып, өз куттуктоолорун жана каалоолорун айтып жатышат. Ак үйдөгү, Көк үйдөгү атка минерлер сасык саясат менен алек болуп, анын ийгилигине кайдыгер карап жаткан чакта, Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика ” фракциясынын депутаттары Айсулуунун машыккан залына барып, ага ыраазычылык иретинде Ардак грамота жана  200 миң  сом акчалай белек кылышты. Ал эми балбан кызыбызды жети жылдан бери чоң түйшүк менен машыктырып келаткан Нурбек Изабековго дагы ыраазычылык айтылып, 100 миң сом менен сыйлашты.

Учурда Айсулуу бутунан алган жаратына байланыштуу сылтып басып, машыга албай жатат.

Ал депутаттардан алган акчасын батирин оңдоп-түзөөгө сарптаарын билдирди. Биз дагы Айсулуунун тезирээк сакайып кетишин каалап, дүйнөлүк мелдештерде кыргыз желегин жогору желбирете беришин тилейбиз.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here