Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги  12 млн. 618 миң сомду Кыргызстандын кыйын чыкма спортчуларына  быйылкы жарым жыл ичинде ай сайын берип турууну жар салды.

Бул боюнча атайы тизме бекитилип,  багынткан ийгиликтерине жараша сап башында  балбандар Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев жана мүмкүнчүлүгү чектелген спортчу Эсен Калиевдер турат. Ал эми штангист Изат Артыков 25 миң сомдук стипендияга илинди.

2017-жылдын жарым жылдыгынан баштап 250 спортчуга стипендия берилери белгилүү болгону менен, анын суммасы ачыкталган жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here