Текебаев эки айга камалган соң,  “ата мекенчилер” бүгүн шашылыш чогулуп, Алмамбет Шыкмаматовду  ЖКдагы “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигине убактылуу шайлашты. Тилинде мөөрү  бар, иштин көзүн билген Алмамбет мырза  эми парламентте лидер катары  мамлекеттин, анын ичинде “Ата Мекен” партиясынын жана ошондой эле абактагы Чиркешовичтин кызыкчылыгын жеткиликтүү  коргомокчу.  Бул жагынан ишеним чоң десек болот.  Ал  бийликке ачуу сындарды буга чейин эле  тартынбай айтып келсе, эми мындан ары да тартынбай катуу айтары турган иш. Бийликтин, бийликтеги айрым чиновниктердин далай былыктарын чукуп чыгышы да мүмкүн. Эгер, бийлик аны камап эле үнүн баспаса… Бирок ал камалса, чектен ашкандык болуп санаалар. Элдин кыжыры кайнаар.

Ошондой болсо да, ушул күнгө чейин тендер аркылуу сатылган келинчегинин машинеси байланыштуу  козголгон кылмыш иши боюнча эки ирет УКМКга суракка кирип чыкты. Алдыда дагы сурак уланат. Балким көпкө уланышы мүмкүн. Себеби, саясатка байланыштуу эмеспи. Ал эми Текебаев 25 – апрелге чейин УКМК абагынан чыгат деп айтылганы менен,  Чубактын кунундай чубалуучу сот деген чоң маселе турат. Алгач, райондук сот, анан шаардык сот, акыры Жогорку сот деген турат.  Бул жагын эске алганда далай убакыт өтөт. Учурда Самаковдун жер чатагына байланыштуу сот кандай узакка созулуп жатса, Текебаевдин алдыдагы соттук иштери андан да узак болушу толук мүмкүн. Керек болсо эл да тажайт ал тууралуу маалыматтардан. Азыр эле Бирок Президенттик шайлоодон кийин бул маселе кандайдыр бир деңгээлде өзгөрөт десек болот. Ал өзгөрүү кийинки Президенттин позициясына жараша болмокчу.

Ал эми мындай чатак иштерге чейин эле, тагыраагы 3-4 жыл мурун эле Текебаев  “Ата Мекенге”  өзүнөн кийин кимди лидер кылуу маселесин ойлонуп, ал тургай чечип койгону тууралуу кеп  тар чөйрөдө сөз болгон.  Ошол кезде эле Чиркешовичтин  лидер маселеси боюнча чечими, көз карашы Шыкмаматовго токтолгон болчу.  Анын үстүнө “Ата Мекенде” лидерликке жарактуу башка инсандар деле жок экени көрүнүп турат. Жарайм деген айрымдар  бул партияга кийин эле кошулушпадыбы…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here