“Мегаком” чатагына байланыштуу кылмыш ишинде Текебаевге “шерик” болуп, УКМКга эки күн сурак берген  Дүйшөнкул Чотонов да, сот чечими менен эки ай абакта “эс ала” турганын анын жактоочусу Эшперова элге кабарлады.  Текебаев камалып жаткан соң, Чотонов камалбай коймок беле. Эми эки ай ичинде Текебаевге караганда Чотоновго сурак катуу болоорун божомолдосок болчудай.

Күч ачык түрдө колдонулбаса да, психологиялык басым, кысым деген ыкмалар байма-бай колдонулушу толук мүмкүн. Балким, Чотонов сырын ачып, “сынып” да калышы мүмкүн. Же “Каныбектей” жаны бек болуп, чыдап берер. Айтор, бул жагын алдыдагы күндөр көрсөтөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here