Мыйзамдагы ууру Улан Токтосуновдун соту бүгүн Бишкек шаардык сотунда уланды. Белгилүү болгондой ал 2015-жылы  27-апрелде чалмандын чак түшүндө Камчы Көлбаевдин тобундагы кримавторитет Дамир Сапарбаевди ит аткандай атып салып качып кеткен. Издөөгө алынып, кийинчерээк өзү келген. Өткөн жылдын этегинде Биринчи май райондук соту “Сакалды”  17 жыл, шериктештери Зыпарбек Алиевге 18, Дастан Таштанбековду 4 жылга кескен.

Бүгүнкү сотто маркум Сапарбаевдин аялы жабыр тартуучу катары көрсөтмө берди. Андан тышкары, сотко Сапарбаевдин иниси делген Ажиматов да конвойдун кайтаруусу менен алынып келинди. Ал  да өз билгениндей көрсөтмө берди. Эмки сот 7-мартта боло турган болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here