Жогорку Кеңеште 2011-жылдан бери ушул учурга чейин 7 жолу ант берип, алты жылдан бери Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп, чоң саясатта, министрлик креслодо узакка олтуруу боюнча рекорд коюп келаткан Кубатбек Боронов: “Мага азырынча эч ким премьер-министр болууну сунуштаган жок. Эгер сунуштап калышса, алгач ойлонуп көрүп, анан чечим кабыл алам”- деп маалымат булактарына билдирди. Албетте, ӨКМдин “өзгөчө” ана башчысынын өкмөт башчы болуу кыялы мурун эле бар экени тар чөйрөдө белгилүү болчу.

Ал бүгүнкү билдирүүсү менен бул кыялын  түшүнгөн кишиге жакшы эле ачыктады. Негизи эле, Боронов Сооронбай Жээнбековго салыштырмалуу күчтүү, чечкиндүү. Анын үстүнө Атамбаев менен, анын эң жакын санаалашы Икрамжан Илимянов менен ысык мамиледе. “Крышасы” ошолор дегендей… Демек, ал Атамбаев Президенттиктен кеткенче, же кеткенден кийин деле Өкмөт башчылыкка реалдуу талапкер болуп калышы мүмкүн. Баса, акыркы айларда Атамбаев учак кырсыгынан кийин, ошол жана эл билбеген башка маселелер менен Бороновду өзгөчө кабыл ала баштады. Биринчи вице-премьер М. Абулгазиев учак кырсыгы боюнча атайы комисиянын төрагасы болгону менен Бороновдун көлөкөсүндө калгандай эле болуп калды. Бул маселеде элге анчалык ачыктала элек сырлар бар десек болчудай. Демек, ажонун Бороновду ушунча жыл министр кылып кармап олтурганы жана байма-бай кабыл алып жатканы бекер эместир. Чынында ажо ага мээримин аянбай эле төктү жана төгүп жатат.

Эң башкысы Кубатбек мырза, Кудайдан тилеген генералдык чинди берди. мындан тышкары, аны ажо министрлердин ичинен жалгыз «Даңк» медалы менен сыйлады.  Эми калган маселени өзүңүздөр деле ойлоно бериңиздер да.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here