Биздин сыймыктуу спортчу кызыбыз, тай боксчу Антонина Шевченко 3-мартта Американын Коннектикут шататтында  Foxwoods  казиносунда Франция мушкери Магали Форони менен беттеше турганы белгилүү болду. Буга чейин ал Нидерланддык Алейде Лавант менен күч сынашмак, бирок ал жарат алып калгандыгына байланыштуу  рингге чыгуудан баш тарткан. Малым болгондой, өткөн жылдын ноябрь айында Антонина Lion Fight Promotions уюму менен супер келишим түзүүгө жетишкен болчу. Ал келишимге ылайык  ал  ар кандай салмак категорияларында чемпиондук титулдар үчүн тайбокстун ыкмаларынын алкагында беттештерге чыга бермекчи. Бул уюмда Шевченко эки жолу, так айтканда Голландиянын, Италиянын мушкерлери менен беттешип, эки ирет чемпион болгон. Бирок акчалай байгеси канча экени тууралуу маалымат жок.

Айтмакчы, Антонина өткөн жылы Перуда тапанча атуу боюнча Эл аралык мелдеште күмүш медалдын ээси болгонун көпчүлүк биле бербесе керек.

Эске сала кетсек,  Lion Fight Promotions уюму профессионалдар арасында тайбокс боюнча мелдештерди 2010-жылдан бери уюштуруп келаткан абройлуу спорт уюмдардын бири.

Антонина айтылуу эжеси Валентина Шевченко менен машыгууну өткөрүп жатканын жана жакшы формада экенин алардын машыктыруучусу, Эл аралык класстагы спорттун мастери, КРнын эмгек сиңирген спортчусу Павел Федотов билдирди. Федотов өзүнүн спорттук карьерасын 1984-жылы баштаган.

Ал ушул кезге чейин жалаң Эл аралык даражадагы мелдештерде беттеше турган спортчуларды даярдап келет. Анын колунан бир катар чемпиондор чыккан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here