Ата Мекен партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев МамДуманын мурдагы депутаты, ишкер, миллионер Леонид Маевскийден 2010-жылдан кийин «Мегакомду» сатып алууга шарт түзүп берем деп алдын ала 1 миллион доллар алып, убадасын аткара албай калган. Акчасын да кайра кайтарып берген эмес. Мындан улам, Маевский Текебаевдин үстүнөн арыз жазып, Башкы прокуратура «коррупция» жана «алдамчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Натыйжада Текебаев «Манас» аэропортунан кармалып, УКМКнын тергөө абагына 2 сутка “эс алган” соң, эми  кайра сот чечими менен эки ай камакта жатмай болду.

Текебаев камалды деген сөз өлкө аймагына чагылгандай тарап, коомчулук кызуу талкууга алышты. Учурда жөнөкөй жарандар түгүл, аттуу-баштуу, белдүү саясатчылардын көз караштары ар түрдүү. Кээлер бул жагдайды кескин сынга алып, куугунтук катары сыпаттап, саясий боёк сүртүү аракетин көрүп жатса, айрымдар “жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт”, жөн жеринен камалган жок дешүүдө.

Ырас, Текебаев чыгаан саясатчы, КРнын эмгек сиңирген юристи. Ак болсо өз укугун өзү коргоого кудурети жетет. Күнөөсү бар болсо, мыйзам алдында колу менен жасаганды мойну менен тартууга тийиш. Депутат болобу, мейли карапайым жаран болсун мыйзам баарына бирдей. Андыктан кылмыштуу аракеттерге берилчү укуктук баа, пикет-митинг сыяктуу басым-кысым менен эмес, мыйзам алкагында сот тарабынан берилиши керек. Башкача айтканда, өлкөнүн саясий-экономикалык  коопсуздугуна коркунуч жарата турган чагымчыл кадамдарга жол берилбөөсү кажет.

 Мыйзам баарыбызга бирдей…

 Арийне, эч ким бирөөгө жөнү жок жалаа жаап каралай албайт. Каралаган күндө да ага факты, далил талап кылынат. Демек, Маевский түшүнөн чочуп ойгоно калып, кимдир бирөөнүн буйругун аткарып Текебаевди күнөөлөп жатат деген түшүнүк абсурд. Акыл-эстүү, аң-сезимдүү адам кимдир бирөөнү айыптоодон мурун өзүнүн кадамына бир кылчайып саресеп салбай койбойт. Анын үстүнө бир миллион доллар чырына байланыштуу, ошол ишти уюштурган фигура Дүйшөн Чотонов да сурак берип жатат. Шашпай турсак баары ачыкка чыгат. Бул мандемдүү кылмыш ишине күбө болгонун “Ата Мекен” партиясынын мурдагы депутаты Өмүрбек Абдрахманов да 4-5 жылдан бери какшап айтып келе жатканына коомчулук күбө. Андыктан бийликке же кайсы бир саясий күчкө жан тартпастан,  акты ак, караны кара деп айтышыбыз парз. Ар ким кылган кылмышы үчүн эртедир-кечтир жооп берет.

Учурда Өмүрбек Текебаевдин жакын санаалаш тарапташтары тарабынан пикет-митинг уюштурулуп, жол тосуу, бийликти басып алуу сыяктуу чакырыктар болуп жатат. Маселен, “Ата Мекен” партиясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Каныбек Иманалиев “Бул бийликке чыдап отура беребизби?” — деп ачыктан-ачык көтөрүлүшкө үндөгөн чакырык жасады. Мындай чындык, акыйкаттык деген чапанга жамынган саясатчылардын карапайым элди курал катары пайдалангысы келген арам максаттарына бөгөт коюлушу керек. Колдоп кокуйлап жаткандарды карасаң, дээрлик баарысынын куйругунда калбыры бар, “арабадан” чыккандар. Ошол эле Каныбек Иманалиев, Равшан Жээнбеков, Турсунбек Акун, Аида Салянова айта берсе тизме узара берет. Көбү бир учурда мамлекетке келтирген зыяны, элге жасаган кыянатчылыгы үчүн кылмыш иши козголгондор. Адам өзү таза болуп туруп, анан бирөөнү колдосо эп го…

Кыргызстан дагы бир революцияны көтөрө албайт. Көтөргөн күндө эл аралык аренада имиджи өлөт. Туруксуз өлкө катары эч бир өлкө ишенич артпай калат. Мамлекетке, элге экономикалык-социалдык кесепети оор болот. Демек чуулгандуу, чырлуу, ак-карасы бүдөмүк кылмыштуу иштерди жактап, коргоп-колдоодон майнап чыкпайт. Элге, мамлекетке эле залакасы тиет. Ансыз да өлкөдө башаламандык башталып кетишин тилеп, кырдаалдан пайдаланып кызматка отуруп калайын дегендер менен талап-тоноп пайда көрүп калууну эңсеп, котур ташын койнуна каткандар ыкыс берип араң турушат. Куйругунда шакмары барлар, айланып эле бийликке келе бериши керекпи?.. Дегенибиз, жылчык болсо эле азыркы тапта Текебаевдин камалганын шылтоолошуп акыйкаттык деп кыйкырып жатышкан баскан издери, жасаган иштери мандемдүүлөр төргө чыгып алышат.

Төңкөрүш болгондо кимдер запкы жеп, кимдер байлыкка марып, туйтунушаарын 2010-жылдан кийинки окуялар көрсөттү го. Өлгөндүн өз шору болуп, 7-апрелде өлгөн жигиттер кара жер жазданып жатышат. Өзгөрүү болдубу? Карапайым калк ыйга, азага муунуп турганда “МегаКом” сыяктуу майлуу-сүттүү ишканаларды сыртынан соодалашып чуркап жүрүшүптүр го…

 Сегизбаев деле жакшы түшүнөт…

 Кыргызда “качкан да Кудай дейт, кууган да кудай дейт” деген жакшы макал бар. Андыктан бийлик да, Текебаев да өз чындыктарын сотто далилдешсин. Ошол себептен, саясатчылардын куралына айланып, жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөн мүдөөлөрү үчүн кылыч болуп чабылып, өлкөнү туңгуюкка кептеген көрүнүштөн алыс болушубуз абзел. Кокус эртең Өмүрбек Текебаевдин бошотулушун жактагандар менен камалышын талап кылган топтун ортосунда чагым уюштурулуп, кагылышуу болуп, кимдир бирөөлөрдүн башы жарылып же кырсыктап өмүрү менен кош айтышса эмне болот?

Ошондо даана өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп, жеке бир саясатчынын керт башынын кызыкчылыгынан чыккан чыр мамлекетти бөлүп-жарууга чейин жетиши мүмкүн. “Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар” ансыз да шылтоо таппай жүрүшөт.  Саясатта салмагы оор, баскан изинен шыбыш алдырбаган сак, алчы-таасын жеп бүткөн кыраакы саясатчы Өмүрбек Текебаевди жөн жерден кармап, камап коюу оюнчук иш эмес экенин УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев деле жакшы түшүнөт. Демек жетиштүү факты, далилдер бар.  Карандай эле бир “афферисттин” айтканына таянып камап салгыдай Абдил мырзанын башы экөө болбосо керек. Анткени тарых кайталанат. Эртең эле жооп берчү күн келет. Андыктан кааласа-каалабаса дагы баарын мыйзам чегинде жүргүзүүгө мажбур.

 Мамилелери бузулганы жакшы болуптур

 Жети жылдан бери эмнеге кылмыш иши ачылбай, Текебаев Атамбаевге сын айта баштаганда Маевский деген чыга калып, анын арызынын негизинде камап салат деген мыйзамдуу суроо туулушу мүмкүн. “Кыңыр иш кырк жылда” билинет. Ырас, президент Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси жакшы кезде бул иш ачылбай келе жаткан. Мамилелери бузулганы жакшы болуптур. Бири-биринин чүмбөт артындагы чыныгы жүздөрүн сыйрышып, былыктарын ашкерелешти. Эл кимдин-ким экенин экөөнүн кармашынан кийин дурустап билди.

Чындыгында Текебаев Конституцияны өзгөртүү боюнча кеңешмеге  киргизбей койгон ич күптү таарынычын мамлекеттик деңгээлге көтөрүп Атамбаевге азуусун көрсөтпөгөндө, жабылуу аяк жабылуу бойдон калышы толук мүмкүн болчу. Маевский миң арызданган күндө да майнап чыкмак эмес. Мына Маевский  2010-жылы декабрь айына чейин Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотонов менен Бишкекте жана Москвада бир канча жолу жолугушканын, 1 миллион долларды алгандан кийин Текебаев акчаны бербей турганын айтып: “Экинчи бул жакка келбе, мен бул өлкөнүн кожоюнумун, акчаны унут”, — деп коркутту деп айтып жатканы ошондон.

Андыктан убакыт-саатын күткөн. Чындык акыры бир күнү калкып чыкмак. “Сабырдын түбү сары алтын” дегендей, чындык ким тарапта экенин сот аныктайт. Сот адилеттиктен тайса мезгил таразалап, тарых баасын берет. Демек, мамлекетке залал келчү чагымчыл көрүнүштөрдөн оолак бололу. Акыры чындык жеңет…

Автор: Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here