УКМКнын тергөөчүлөрү бүгүн Текебаевди эртең мененки саат 8ден баштап, кечки саат  7ге чейин тынымсыз, эч кандай тамактануусуз суракка алганын анын адовкаты Чынара Жакыпбекова билдирди.

Ал: “Депутатты кармагандан баштап суу гана берилип, тамак беришпеди. Эл аралык конвенциянын эрежелерине ылайык кылмышка шектелип кармалган адамга тамак берилбейт. Бул адамдын психологиясына басым жасоо жана түздөн-түз  кыйноого барабар болуп эсептелет” – дейт. Ошондой эле ал орус бизнесмени менен  беттешүү болуп, Маевский сурак учурунда текебер мамиле жасап, кол телефон менен сүйлөшүп, интернет колдонуп олтурганын, ал эми Текебаев менен өзүнүн кол телефондорун алып коюшканын кошумчалаган.

Эми бул жагы туура эле, кылмышка шектелип жаткан адамга интернетке, телефонго тыюу салары турган иш дечи. Ал эми орус жаранына да өзгөчө мүмкүнчүлүктөр берилбеши керек. Калп айтып жатабы, чын айтып жатабы, анын да айткандары терең иликтөөгө алынышы абзел.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here