“Бир болдун” коррупцияга шектелген, кыргыздын кызыкчылыгын уруп ойнобогон депутаттарынын бири Искак Пирматов бул тасмада: “Койчу, эй, койчу. Билгениңди кылчы”-деп журналистти кагып силкип сүйлөп турат. Ал өзүнүн  коррупциялык схемасы ачыкка чыгып жатканына башы деле оорубайт экен. Себеби, Пирматов баардык тескери иштерин акчанын күчү менен жаап-жашырып келгени белгилүү. Эң кызыгы, ага  “Кыргызнефтигазды”  тейлеп турганда мамлекетке  258 млн. доллар зыян келтиргени боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогону менен, депутаттар “кол тийбестик” деген шылтоо сактап калышкан. Ошол кезде ал депутаттардын оозун “майлап” койгону да айтылып келет. Андан бери, анын  мамлекеттен уурдап алган олчойгон суммасы, козголгон кылмыш иши унутта калып бараткансыйт. Кайрадан кылмыш ишин козгой турган укук коргоо органы барбы? Же баарыңар эле коррупционерлердин арам акчаларына сатылып кеттиңер беле?! Бул тасмадагы «майлуу» схемага көз чаптырыңыз.

https://www.youtube.com/watch?v=dgubWWXWSC4

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here