Текебаевдин камалышы чоң саясатка айланып кетти. Эл анын камалышын бир тараптуу кабылдаган жок. Жарымы туура десе, дагы бир тобу туура эмес деп өздөрүнчө бушайман. Бир нерсе болуп кетпесе экен деп тынчтык тилегендер андан көп. Чынында жалпы коомчулукка эки күндөн бери Өмүрбек мырзаны колдоо боюнча өтүп жаткан митингдер, жер –жерлердеги колдоо тобу, жол тосуу аракеттери жаккан жок.  Эл  саясатта кимдин ким экенин азыр жакшы  билип калды.  Элибиз  мындай көрүнүштөрдөн эчак жадап бүткөн. Бийликтегилерге сасык саясат керек болсо, элге тынч жашоо гана керек!

Учурда Текебаев менен мурда-кийин саясаттагы санаалаш болуп жүрүшкөн саясатчылар анын камалышына ыраазы болуп, дагы былыктарын чукуу, сотко берүү менен алек боло баштады. Колдогондор да көп. Эми ошондон бир аз мисалдарды келтирели.

Ээнбаш ооздордун кесепети жаман…

   Маселен, Өмүрбек Абдырахманов Текебаевдин “Мегаком” чыры боюнча 1 млн. доллар пара алганын эчак эле айтып чыккан. Эми ошол айтканы тергөө жыйынтыгында далилденип калса экен, мен дагы соттон утуп алсам экен деп кыпылдап, күнү-түнү уктабай, алаканын  шарт чапкылап жаткан чагы. Элди “эзгичтердин” бири, экс-спикер Келдибеков болсо: “Ата Мекен өзү жасаган жыйынтыктарынын үзүрүн көрүп жатат” – деп табасы канып жатса, Ташиев: “Мен камалганда Текебаев жылуу сөз айткан эмес”- деп агынан жарылып, жыргап жатат.

Малиев деген саясатчы чалыш неме дагы Текебаевди «аферист» атады. Ал «Ата Мекен» 60 миң доллар алып, кайра аны бербей койгонун буга чейин көп эле жолу айтып келди эле, эми бул ирет дагы кайталды. Жазалансын деген талабын да кошту. Чиркешовичтин “менчик” “абысындары” Жылдыз Жолдошева: “Ууру, паракор түрмөдө олтурушу керек” деген кыязда сүйлөп көпкө камалышын Кудайдан тилеп жатса, камакта жаткан саясатчынын дагы бир  катуу “сыйлаган” “абысыны” Токтоайым  Үмөталиева бүгүнкү митингге Текебаевге каршы сөз сүйлөө үчүн бара калды эле, аны жаалы кайнап, араң турган текебаевчилер “чүкөңдү алыс барып ойно” деп бозала кылып, сүрүп салышты. Бул бир эсептен алып караганда туура деп койсо болот. Деги эле, Үмөталиеванын кайсы бир жоругун айтып түгөтөбүз.

“Эл үрксө, эшек кошо үркөт” деген сөздү анык иш жүзүндө көрсөтүп, элге шылдың болуп, элдин кыжырын кайнатып келаткан КСДПчы Мээрбек Мискенбаев деген кургур неме: “Текебаев камалсын, күнөөлүү”- деп бакылдап, текебаевчилерге каршы митинг өткөрүү планын жар салып: “Алар 5 миң киши алып чыкса, мен 10 миң киши алып чыгам” –деп дөөрүп берди. Эми элестетиңиз, аянтта текебаевчилердин 5 миң кишиси, атамбаевчилердин 10 миң кишиси тирешип турганын.

Ой, Мээрбек, оозуңа таш! Алгач, Мээрбекти 10 миң киши эмес, 10 киши ээрчийби деген кепти унутпайлы да. Бийлик эле колдоп, Мээрбекти алдыга салып, бюджеттегилерди кыйнап алып чыкпаса… Мындай болбойт. Бийлик да келесоо эмес. Кыскасы, оозум бар дер “оро” берчү Мискенбаевдей дөөрүгөндөрдү тартипке чакырчу киши жок.

Мындайда ээнбаш ооздорду тыйбаса, анын кесепти жаман. Жалпы элге тийип калышы да эсеп эмес.

Ал эми Төрөбаев, Сариев, Бабанов, Сулайманов, Отунбаева баштаган бир катар саясатчылар Текебаевдин аэропорттон түн ортосунда камалышын туура эмес көрүшүп, өз пикирлерин билдиришти. Алардын айткандары да бир эсептен алганда туура десек болот.

Элдин байлыгын жеп алышып, эми элге акыл үйрөтүшүп…

  Мына ушундай, Текебаевдин камалышы кыргыз саясатчыларын жүзүн ачып жатат. “Жүзүңдү ач, Гүлчөтай” –деген сонун кепти даана байкап жатабыз.  Күтө туралы, дагы ачыкка чыгат. Чыксын, бирок сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чыга берсин ар кандай былыктары. Биринин айыбын, экинчиси чукуй берсин, эл эми дагы дааналап билсин кимдин ким экенин…

Абийирибизге камчы чаппай чындык кепти айтканда, мына азыр бири-бири менен тытышып, “мен таза, сен коррупционер” деп жатышкан саясатчылар мамлекетибиздин өнүкпөй, экономикасы өспөй жатышына  чоң салым кошушту. Көбү элдин байлыгын тоноп-ичип, жеп алышып, эми элге акыл айтып, зымпыйып жүрүшөт. Ал “сасыктар” уяты, абийирди, намысты эчак эле жыйыштырып коюшкан. Аларга айткан сөз жетпейт. Ошентсе да, алар жооп бериши зарыл. Айтор, кыргыз саясаты тазалана берсин.  Баса, Текебаевди колдоп митингде жүргөн саясатчылардын көбү таза эмес.  Алар даана жегичтер, саткындар, мамлекет кызыкчылыгын эмес, жеке керт башынын кызыкчылыктарын ойлошкон шумпайлар. Эми мен ал тууралуу тереңдетепей эле коёюн. Себеби, ал маселе боюнча бүгүн эле “Чагылганга” айтылуу чоң журналист Баратбай Аракеев  “Таза адамдар колдосо бир жөн…  деген темада жакшы макала жазды. Азырынча ошол эле жетиштүү го…

             Экөөнүн тең душмандары көп…

 Негизи эле Текебаевдин кыргыз саясатындагы баскан жолу узак. Көп иштерге аралашкан, жакшысы да, жаманы да бар, көп адамдардын көңүлүн алып, көп адамдардын тизгинин тартып, ордуна коюп келген. Андыктан колдоочуларына караганда, душманы көп. Арийне, Атамбаевдин деле душмандары жетиштүү, элди айтпай тек койгондо да, саясаттагы, ар кандай кызматтагы адамдардын жарымынан көбү жасалма, убактылуу гана колдоочулар. Андыктан бул күндөр да өтөт. Атамбаев менен Текебаевдин саясаттагы күнү да бүтөт. Эми жакынкы мезгилде, көбүнчө Президенттик шайлоого жакын жана шайлоодон кийин да андай «Гүлчөтайлардын» да жүзү ачыла баштайт четинен.

Акырында, мекендештериме айтарым, азыркы бул саясый окуяларга бир тараптуу карабайлы. Чындай келгенде эки тарапта тең кемчиликтер толтура. Так кесе айтканда, “Кемигинде да, керкисинде да бар” деген кепти унутпайлы. Кылмышка шектүү адамдын кылмышы аныкталса, ал жооп берсин! Анткени, мыйзам баарыбызга бирдей.  Текебаевге, Атамбаевге дагы! Эгер бул окуя  жалган, атайы уюштурулган иш болсо, ал маселе да көз жаздымда калбашы зарыл.

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here