Бул тууралуу элге «сүйүнчү» кабарды депутат Каныбек Иманалиев жар салды. Анын билдиргенине караганда Биринчи Май райондук соту кылмышка шектелип, 2 суткага камалган Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын 2 айга камоо чечимин кабыл алган.  Бул маселе, эртең ЖКнын жыйынында талкуу болоорун жана УКМКнын алдында мөөнөтсүз митинг уланарын кошумчалады.

Чынында көпчүлүк бийлик Өмүрбек Текебаевди эки айга камаарын болжоп турган. Ошондой эле болду.  Эгер Текебаевди үй камагына чыгарып жибергенде анда алсыздыгын көрсөтмөк. Ушунча катуу күүлөнүп,  түнү бою аэропорттон “туткундап” келген эмгеги, өкүм чечими жокко чыгып да калмак.  Чынында Текебаевдин камалышы айрым мамлекеттердин билермандарына кандайдыр бир деңгээлде “подарак” болуп калышы да мүмкүн. Ал эми демократияны жактаган ЕККУ баштаган уюмдарга, АКШ сыяктуу мамлекеттер кайчы пикирин билдирип, сунуштарын, талаптарын айта башташат. Эми аларга кылмыш маселеси онунчу маселе, эптеп эле акыйкаттуу чечим болуп турса да адам укугу маселесин алдыңкы орунга коё беришет.  Бул жагы эми чоң сөз.  Кезеги келгенде бул маселе боюнча эксперттер  да өз оюн айтышар..

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here