Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  Текебаевдин камалышына биринчилерден болуп кабатырланып, бул окуя боюнча өз позициясын билдирип чыкты. Ал:  «Текебаев атайын кызматтан кача турган же тергөөгө келбей койчу адамдардан эмес. Ошондой эле ал жөн гана депутат эмес, Текебаев оппозициялык фракциянын лидери. Мен атайын органдары өлкөдөгү саясый абалды чыңалтып жатканына кабатырмын», — дейт.Төрөбаевдин бул айткандары жөндүү десек болот.

Ал эми азырынча оппозициялык маанайда жүргөн көптөгөн саясатчылар бул маселе боюнча өз пикирлерин билдирише элек. Бийликтин бийик секисиндеги өкүлдөрү, тагыраагы КСДПнын Ирина Карамушкина, Анвар Артыковдор Чиркешович камала электе эле, анын ишине сот сыяктуу баа беришип, “бул далилдүү иш” деген кыязда жалындуу сүйлөшкөнүн көпчүлүк кабардар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here