Ошентип,  25-февраль күнү  Башкы прокуратура Өмүрбек Текебвевге көптөн бери күтүлүп келаткан кылмыш ишин УКМКнын берген маалыматына ылайык  козгоду.  Козголгон кылмыштын беренелери “коррупция” жана алдамчылык“ болуп эсептелет.  Кылмыш козгоого эң негизги далилдүү себепкер делген – бул фигурант  Оруссиянын МамДумасынын экс — депутаты Леонид Маевский. Бул адам 2010-жылы Текебаев Убактылуу Өкмөттүн вице-премьери болуп турганда “Мегаком”сатылгандан кийин 1 млн. долларды Дүйшөн Чотонов экөө алганын видео кайрылуу менен  жарым саат бою жар салып, курч мүнөздө айыптаган.

Мына ушундан кийин Өмүрбек Текебаев  Европага болгон иш сапарынан кийин түнкү саат үчтөрдө аэропортко конору менен камакка алынган. Ал эми Дүйшөн Чотоновду өз үйүнөн таңкы саат алты жарымдарда кармап кеткен. Азырынча экөө тең 48 саатка камалды. Айыпталган “ата мекенчилер” өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү кескин түрдө четке кагып, мындай аракеттерди бийликтин жалаа-жабуусу, кысымы катары баалап жатышат. Бүгүн УКМКнын алдында саат 13:00дө камалгандардын жакындары жана “ата мекенчилер”, деги эле бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарыбыз тынчтык митингин өткөзүшөт. Салянованы УКМК 5 саат, Алмамбет Шыкмаматовду 10 саат бою суракка алгандан кийин, коомчулукка  “эми кезекте ким” деген суроо туулган.

Кезектегиси, партиянын лидери жана 2010-жылы Өзгөчө кырдалдар министри, андан кийин Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп иштеп, акыркы жылдары саясаттан оолак болуп калган Дүйшөн Чотонов болду. Албетте, айыптоолор, ага жараша камоолор мунун менен эле чектелип калбасы көрүнүп турат.  Мындай аракеттер дагы уланышы толук мүмкүн?

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here