Орус бизнесмени Леонид Маевскийдин бир күн мурун жарыяланганТекебаев менен Чотонов менден 1 млн. доллар алып, ал акчаны “Мегаком” сатылгандан кийин үстөгү менен беребиз дешип, бирок ар кандай жолдор менен коркутуп-үркүтүп бербей койду”- деген маанидеги жарым сааттык видеосу кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда. Бул адамдын айткандары канчалык реалдуу? Анын кайрылуусундагы билдирүүлөр акыркы кезде бийликти катуу сынга алып жаткан “Ата Мекен” жана анын лидери Текебаевдин оозун жабуу үчүн атайы уюштурулган жокпу деген күмөндүү суроо азыр ар бир экинчи-үчүнчү адамда туулуп жаткан кези. Мына ушул себептен, “Чагылган” сайты чуулгандуу билдирүүнүнүн автору, Орусиянын МамДумасынын экс-депутаты, ишкер Леони́д Станисла́вович Мае́вскийдин баскан жолуна, ишмердүүлүгүнө саресеп салып, андагы кызыктуу маалыматтарды окурмандардын назарына сунуштайт.

7 жылдан бери жерге кирип кеткенсип, эч унчукпай, эми гана түшүнөн чоочугансып Текебаевди кескин түрдө айыптап чыккан Маевский учурда 57 жашта. Орто мектепти аяктагандан кийин 1977-жылы Владивасток шаарындагы С. Макаров атындагы Тынч океан аскердик-деңиз жогорку окуу жайына тапшырып, аны 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол жылдан 1993-жылга СССРдин Аскер деңиз флотунда (стратегиялык маанидеги суу алдында  жүрүүчү кораблдин командири ж.б.) ар кандай жооптуу кызматтарда эмгектенген. 1987-жылы Санкт-Петербургдагы Жогорку Офицер классынын бир жылдык курсунан өтөт.1993-жылы Аскер флотундагы реформага байланыштуу кызматтан кыскарып,  запастагы офицерлердин катарын толуктайт. Андан соң 3 жыл Казакстандын Байланыш министрлигине караштуу «Промтелерадиону»  жетектектеп, Президент Нурсултан Назарбаев менен жакын мамиледе болгондугу айтылат. Маселен, ал өлкөдөгү эң ири деп эсептелген улуттук “Хабар” телеканалын казак жана орус тилдеринде түптөөгө өз салымын кошкон. Казакстандан кийинки эмгек жолу өз мекенинде, РФнын Байланыш министрлигинде уланып, ал жерден да бир топ чоң долбоорлорду ишке ашырат. 1997-жылы «Общероссийская радиостанция Радио – 1»-деп аталган чоң мекеменин генералдык директорунун орун басары болуп дайындалгандан көп өтпөй, «Русского канала – всемирного русского телевидениянын” генералдык директорунун орун басары болуп иштейт. Бул жерден ал РФнын телеканалдарын санарипке өткөрүү долбоору менен алектенет. 1998-1999-жылдары ал «Новые технологии. XXI век»-деген аталыштагы компаниянын генералдык директору болуп эмгектенет. Мына ушул жылдары ал илимдин кандидаты болот. Арадан эки-жыл өткөндөн кийин, докторлук диссертациясын жактап, илимдин доктору жана профессор болот. Ал байланыш тармагы боюнча бир нече илимий китептердин автору болуп эсептелет.

                    Жалган маалыматы үчүн кылмыш козголгон

1999-жылы Геннадий Зюгановдун КПРФнын Мамлекеттик Думага өз округунан  (башка талапкерлер 18 пайызга чейин добуш алышкандыгын айтылат)10 гана пайыз добуш алганына карабастан депутат болуп келет. Парламенттин Энергетика, транспорт жана байланыш комитетине мүчө болуп, РФнын байланыш тармагындагы негизги бир нече мыйзам долбоорлорунун автору болууга жетишкен. 2003-жылы депутаттык мөөнөтү бүткөн соң, Омск облусунун губернаторлугуна талапкер болуп чыгып, жыйынтыгында 28 пайызга жакын гана добуш алып, өтпөй калган. 2003-жылы Маевский Мамлекеттик Думанын 4-чакырлышына Омск облусунан талапкер болуп чыгат. Бирок анын талапкерлигин КПРФда бир аз талаш жараткандыктан улам, ал бир мандаттуу округдан өз талапкерлигин көрсөтөт да, жыйынтыгында жеңишке жетпейт калат. Мына ушул шайлоонун шайтан оюндарына байланыштуу ар кандай такталып-такталбаган саясый билдирүүлөрдөн улам, Маевский партиядан чыгарылат. Шайлоо учурунда  атаандаш талапкер  тууралуу жалган маалымат тараткандыгы үчүн ага кылмыш иши козголуп, сот ага 1,5 млн. рубль айып салган.

2006-жылы ал:  “КПРФтин катарында болгонум мен үчүн уят эле болду”- деп “ичкен кудугуна түкүргөн” маанидеги билдирүү тараткан. Ошол жылдары ал “Яблоко” партиясынын лидерин чечен бандиттик топтору менен байланышы бар деген маалымат тараткандыгы үчүн, алар Маевскийге кылмыш козгоо өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышкан.

                           Бизнестеги биз билбеген чатактары

Ошентип, Маевский саясатта анчалык узак жылдар бою жүрө алган жок. 2003-жылы чоң бизнеске башы менен кирип, бул тармакта тез эле ийгиликке жетише баштайт. Маселен, ал ошол жылдын жайында LV Financе деп аталган чоң компанияны жетектеп, ал тургай анын бир топ пайыз акциясынын ээси болуп чыга келет. Бул компаниянын ичинде орустардын эң абройлуу делген “Мегафон” компаниясынын үлүштөрү болгон. Маевский ал компанияны (Мегафондун активдери менен кошо) ошол эле жылы 295 млн. долларга сатып жиберет. Кийин белгилүү болгондой 2011-жылы  бир нече ири акционерлерден турган “Мегафондун” жалпы баасы 21 млрд. долларга бааланган, ал акционерлердин ичинде дүйнөгө белгилүү олигарх Алишер Усманов да болгон, анын  “Альфа” компаниясы  “Мегафондун” бир топ пакет акциясын 5 млрд. 200 млн. долларга сатып алып, ошону менен  негизги контролдук акциясы анын колунда калган. “Мегафондун” 8 пайызынын сатылышы боюнча чыр чыгып, ага Маевский күбө катары чакырылат. Ал тургай аны кылмышка шектүү катары кабылдашканы менен, кийин прокуратура ал иштин ката болгонун жар салган.

2003-жылы анын докторлук диссертациясы боюнча чыр чыгып, анын илимдеги даражаларын алууну сунуштап чыгышат. Бирок бул маселе боюнча тыкыр иликтөө жүрүп, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун тиешелүү тарап билдирет. Маевский бул чырды LV Financе компаниясына байланыштуу чырдан улам атайы чыгарышканын  айтып чыгат.

Чоң бизнестин кыныгын жакшы алып алган Маевский байланыш тармагындагы ишмердүүлүгүн ийгиликтүү уланта берет. Ар кандай аракеттер менен абройлуу  жана кирешелүү деп эсептелген айрым байланыш компанияларына (ири насыя алуу жолу менен деп да айтылат) акционер болуп кирет. Бирок анын бул тармактагы бизнеси көп учурда талаш-тартыштар менен коштолуп келген.

2008-жылы октябрь айында Маевский өзү ири акционер болуп эсептелген “Универсал-телеком” компаниясынын 50 пайызын “Мегафондун” ири акционери Алишер Усмановго сатат. Андан кийин, ал бир нече жыл кайрадан байланыш тармагындагы, телеканалдардагы ар кандай долбоорлор менен алектенет.

2011-жылы «Юнитайл» аттуу ири курулуш материалдарын (негизинен керамика, фарфор) чыгарган компаниянын негизги акционерлеринин бири болуп чыга келет. Бул компания 1964-жылы түптөлүп, кийин менчиктештирилип кеткен. Бир нече ири бизнесмендер кожоюндук кылышып, акцияларын сатыкка чыгарып, жакшы пайда көрүп келгендиги айтылат. Бул компанияда 2500 тегерегиндеги адам эмгектенип, жыл сайын 250 миң тоннадан ашуун продукция өндүрөт. Мына ушундай чоң компаниянын негизги акцияларына  Маевский кандайча ээлик кылып, канча суммага сатып алгандыгы тууралуу толук маалымат жок, бирок дал ушул  компаниянга байланыштуу «Стройфарфор» компаниясынын кожоюну делген Лазарь Шаулов менен келишпестике барып, бир ирет сотто жеңилип калган жайы бар.

Кыскасы, Текебаевди күнөөлөп чыккан Маевскидин баскан жолу ушундай тумандуу. Бул белгилүүлөр эле, билгисиздери канча дейсиз? Негизи, Башкы прокуратура анын Текебаев тууралуу айткандарын терең иликтөөгө алып, эки тараптуу калыс тергөө жүргүзүлүшү керек. Бирок : «адал сынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» дегендей Текебаевди  бул чырлуу маселе боюнча 100 пайыз таптаза деп айтууга болбос. Элибиз «шамал болбосо чөптүн башы ыргалбайт » деп бекеринен айтпаса керек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here