Экс-президент Роза Отунбаева Текебаев боюнча өз позициясын бекемдеп, бүгүнкү болуп өткөн митингге катышып: “Эң эле жок дегенде Текебаев үй камагына чыгарылышы керек” деген талапты айтты.  Белгилүү болгондой Роза айымга Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясаты көптөн бери жакпай калган, өзгөчө Президенттин  өткөн жылдын  31-августтундагы  Ала-Тоо аянтында өзү тууралуу айткан сын-пикири анын жети өмүрүн жерге киргизгендей эле кылган.

Мына ушул жагдайды эске алган “ата мекенчилер”  бүгүнттөн демилгелеп, уюштуруп жаткан  бириккен күчтөр штабын Роза Отунбаева жетектеши мүмкүн экендигин депутат Каныбек Иманалиев жар салды. Бул боюнча Роза айым өз пикирин билдире элек. Депутаттын пикири боюнча ал штабка башка оппозициялык күчтөрдүн да башы бириктирилет экен. Бул айтылган максат-тилектер канчалык реалдуу жана азыркы бийликке канчалык кооптуу болоорун убакыт көрсөтпөсө, азырынча бир тараптуу айтуу чынында эле кыйын.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here