Текебаев жана анын колдоо митингине байланыштуу саясый окуядан улам биздин хоккей оюну боюнча улуттук курама командабыз Японияда Кышкы Азия оюндарында күмүш медаль ээси болушуп, оңой эмес ийгиликке жетишкендиги тууралуу орчундуу  маалыматка коомчулук терең деле көңүл бура элек. Ал тургай көпчүлүгү уга элек. Бүгүнкү финалдык таймашта кыргыз хоккейчилери Түркмөнстандын командасына 3:7 эсеби менен утулуп калышты. Маалымат катары айтып кетсек, биздин хоккейчилер VIII Кышкы Азия оюндарында А тайпасында Катар командасын 5:0, Кувейтти 7:2, жана Филиппинди 10:5 эсеби менен уткан болчу. Ал эми В тайпасындагы Түркмөнстан, Малайзия, Индонезия жана Макао курамалары менен таймашып, жеңишке жетишип, финалга чыккан. Чынында бул көрсөткүч биздин хоккейчилерибиз үчүн чоң ийгиликтердин бири болуп эсептелет. Андыктан, биз хоккейчилерибизди чын дилден куттуктайбыз!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here