Презденттикке талапкер, экс-премьер министр Темир Сариев Өмүрбек Текебевдин камалышына нааразычылыгын билдирип, Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасады. Ал кайрылууда:

Бүгүн, 26-февралда парламенттеги “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кармалды. Ага карата коррупцияга байланышкан айып тагылды. Бул айыптоолор өтө олуттуу деп айтар элем.
Албетте, эч ким тиешелүү иштерди жүргүзүүгө тоскоол болбошу керек. Буга биринчи кезекте Өмүрбек Чиркешович өзү кызыктар. Айта кетчү нерсе, коюлган күнөөлөр азырынча тастыктала элек. Кыргызстандын Башмыйзамы адам күнөөлүбү же жокпу сотто гана чечилерине кепилдик берет.  Ө.Текебаев көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчы. Акыркы бир нече ай ал Президент менен катуу күрөштө болуп келди. Андыктан, биз кааласак, каалабасак дагы ага карата айтылган айыптоодо жана анын камалышында саясий боёк бар. 
Мен Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылам. Алмазбек Шаршенович, сиз Кыргызстандын президентисиз. Баарынан мурда Кыргызстанда туруктуулук сакталышына сиз кызыктарсыз.
Мен өлкөдөгү туруктуулук бузулушун каалабайм, ошондой эле сизди туруктуулукту сактоо үчүн чакырам жана үмүт кылам. Азыркы кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу- бардык тараптан мыйзамдуулукту сактоо. 
Кыргызстандын эли укук коргоо жана сот органдарынын чечимдерин мыйзам кынтыксыз сакталган учурда гана аны кабыл алып, макул болору жашыруун эмес” – деп айтылат. Төмөндө бул кайрылууну тасмадан орус тилинде уга аласыздар:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here