Серепчи, Юридика илимдеринин доктору, прфессор Кайрат Осмоналиев «Чагылган» сайтына Кыргызстандагы кадр маселесинде жүрүштөр тууралуу кыйла кызыктуу мисалдарды айтып берди. Бул маселелрде терең анализ кылып келаткан серепчи чоң саясаттагы чоң кызматтарга дайындоо  туралуу айрым сырларды «секреть» кылбай ачык айтып, агынан жарылды. Эмесе, бирге окуйлу. 

-Кайрат мырза, алгач кадр маселеси боюнча кеп кылсак. Азыр кичине кызматтан тартып, орто жана чоң кызматтарга дайындоо маселеси адамдын тажрыйбасына, кесибине карабай, өң-тааныш, тууган жана ишенимдүү партиялаш деген принцип менен чечилип калбады. Бул боюнча эмне айтасыз?

-Туура, биздин мамлекетте кадр маселесинде чындап эле чоң көйгөй бар. Ар кандай кемчилик жана баш аламандыктарга жол берилип келатканын баарыбыз эле жакшы билебиз. Саясый элита дегенибизди карап көрөлүчү, анын сапатына ар ким ар кандай баа берет. Көпчүлүгү жакшы баа берүүдөн алыс. Себеби, ал элита жогоруда өзүң айткандай өң-тааныштык, куда-сөөк, кыргызчылык деген мамилелер менен түзүлүп, түптөлүп калган да. Кыргызчылыктын да жакшы жактары бар, бирок ошону туура колдонулса кемчиликтер көп болбойт эле. Негизи саясый элитаны даярдоо керек. Бизде даярдоо маселеси колго алынган эмес. Бул абдан чоң көйгөй, мунун арты жакшы болот деп айтуу да кыйын. Өкмөттүн алдында атайы Кадр кызматы иштеп жаткансыганы менен, биз анын кандай реалдуу жумуштарды аткарып жатканын билбейбиз. 6 жыл мурун Президентибиз чоң максаттарды айтып, өнүгүү маселесинен жакшы кеп кылган болчу. Ошого карабастан баягы эле саясатта ар кандай интригалар күчөп, мамлекеттин кызыкчылыгынан мурун жеке кызыкчылык алдыңкы орунга чыкты. Көп таасирдүү кишилерде патриоттук деген нерсе экинчи орунга түшүп калгандай сезилет.

Мына ушул маселени дагы тереңдетип айтсак. Маселен, Президенттин жанында жүргөн кадрларга кандай баа бересиз?

-Укмуш, жогорку деңгээлдеги баа берүү кыйын. Көпчүлүккө белгилүү болгондой “Фоваритизм” деген түшүнүк бар. Бул түшүнүктүн чоң саясатта кеңири тамыр алып, жайылып кетиши жакшы көрүнүш эмес да. Кыргызча түз мааниде айтканда бийлик бутагындагы эң таасирдүү адамдар ар кандай жооптуу кызматтарга  өздөрүнүн сүймөнчүктөрүн дайындашат. Ал эми “жылдыздуу сүймөнчүктөр” жогоруда айткандай туугандардан, ишенимдүү жакын адамдардан куралат да.

Бир мисал айтайын Президенттин  жаш кадрларга карата  Жанар Акаевди “балашка” деп айтканы саясатта өзүнчө бир түшүнүк болуп калды да. Бирок мен айтат эле, Президенттин өзүнүн деле тегерек –четинде андай “балашкалар” бар. Алардын бири Сапар Исаков десек болот. Исаковду өзү өстүрүп жатат го. “Манас” орденин берди. Кайсы кызматы үчүн, кайсы эрдиги? Же Исаков укмуш бир чоң иш жасап койдубу?  Анын иштерин жакшы билебиз го. Көп, дайындоолорго, өзгөчө чет мамлекеттерге элчилерди дайындоо ал аркылуу чечилип жатпайбы. Бардык эл аралык мамилени “балашка” өз көзөмөлүнө алган. Ошондуктан, саясатта фоваритзмге жол берилбеши керек. Чындыкты айткандарды чоң кызматка жакын жолотушпайт. Андай кызматтарга көбүнчө кошомат кылган, унчукпагандар барышат. Мисалы, мен президенттин “балашкасы” эмесмин. Негизги чындыкты, болгонун-болгондой айта берем. Бир сөз менен айтканда саясый элита талапка жооп бербеген кадрлардан тазаланышы зарыл деп эсептейм.

Сиздин көз карашыңызда Жогорку Кеңештин бул чакырылышы мөөнөтүнүн аягына чейин олтурабы, же тарап кетиши мүмкүнбү?

-Аягына чейин олтурушат деп ойлойм. Азырынча парламентти таратууга негиз жок.  Бирок кандай деңгээлде иштеп жатканы өзүнчө бир чоң сөз. Ал эми Башкы мыйзамдын өзгөртүлгөнү, референдум болгону – таасир бербейт. Себеби, Баш мыйзамдын теңинен көбү өзгөртүүсүз, мурункудай эле калды. Бул таратпоого бирден бир негиз болуп бере алат.

-Жакында эле саясатта ресурстары түгөнүп, чарчап калган: Кулов, Мадумаров, Исаков сыяктуу оппозициялык маанайдагы адамдар жыйын кылышты. Алардын жыйынына кандай баа бересиз?

— Мен алардын жыйынына катышкан жокмун, кандай сөздөрдү айтышты толук уккан жокмун. Муну да кичине изилдеп койгондон кийин жакшылап айтсак болот эле. Бирок мен ал жерге буга чейин чоң саясатта узак жылдар бою жүрүп, өтө эле булганып калышкан адамдардын жүргөнүн ЖМКдан көрдүк. Мына ушул чоң көйгөй да. Ошон үчүн, алар канча жыйын кылышпасын, анын коомчулукка таасири жок. Эгер элге кадыр-барктуу, таза, күчтүү саясатчылар чогулуп чоң жыйын кылышса, анда сөз башка болмок.

Маекткешкен: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here