Кыргызстан социал демократтар партиясы быйыл  күздө боло турган Президенттик шайлоого талапкер катары чыгара  турган негизги 3 талапкердин бири катары  аты атала баштаган  ЖКдагы КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго дагы бир ийгилик жылмайды.

Иса мырза өткөн жуманын этегинде Кыргызстанда 3 миңдей мүчөсү бар, абройлуу деп эсептелген улуттук ат оюндарынын “Аргымак” федерациясынын  Президенттигине көрсөтүлүп, жыйынтыгында колдоо таап шайланды. Анын талапкерлиги үчүн федерациянын жер –жерлерден келген 90дон ашуун көрүнүктүү мүчөлөрү бир ооздон добуш беришкен. Белгилүү болгондой бул федарацияны буга чейин Бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов башкарып келген. Ал эми Өмүркуловдун орун  басарлары болуп Менсулин Абулгазиев менен Чолпон Жылкыбаев шайланышты. Чолпон мырза, КСДП депутаты Узарбек Жылкыбаевдин агасы.

Көпчүлүккө маалым болгондой Иса Өмүркулов Кыргызстандагы күлүк аттары арбын саясатчылардын бири. Көп жылдан бери анын айрым күлүк аттары чоң майрамдарда байгелүү орундарга илинип келет.

КСДП лидеринин жетишкен бул ийгилиги Президенттик шайлоодо бирден-бир так талаша турган талапкер болуп чыгып калса, чоң пайдасы тийип, салмагын артырышы мүмкүн. Бул үчүн Иса мырза, “Арыгмак” федерациясындагы анча-мынча көйгөйлөрдү чечип, өзү да бул улуттук оюндун түрүн мындан да өркүндөтүү үчүн демөөрүчүлүккө басым жасашы абзел.

Мындай иштер лидердин колунан келет, мүмкүнчүлүгү да жетет. Демек, азырынча 1 жылга федерациянын Президенти болгон Өмүркуловго ишеним чоң десек болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here