Өткөн жумада “АкиПрессте” Бакыт Бакетаев, Кайрат Осмоналиев жана эки юрист айым журналист журтчулугуна маалымат жыйынын өткөрүшүп, Мамлекеттик Каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев сатыкка чыгарды делген Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү мурун Максим Бакиевге тишелүү делген жердин сатылышына байланыштуу чатакка Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын орун басары Кылыч Токтогулов жана Бишкек шаарынын прокурору, анын орун басары аралашканын, документтерди бурмалап коюшканын жар салышкан эле. Ошондой эле, Кайрат Осмоналиев Максимдин жери делген жерди Болот Шер менен Садык Шердин тууганы Баткен Шерниязов бир канча жылдан бери ижарага алып, иштетип пайда көрүп келерин кошумчалаган. Ошол эле күнү КТРК Баткен Шерниязов ал жерден жылына миллиондогон пайда көрүп жатканын эсептеп, элге жар салган. Коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан ушул маселеге байланыштуу “Чагылгандын” журналисттери «Манас-Мурас» коомдук уюмунун төрагасы Баткен Шерниязов менен байланышып, анын пикирин угуп көрдү.  Негизиги чындык ким тарапта, ким күнөөлүү аны дагы алдыда убакыт дааналап көрсөтөт. Ага чейин «ар кимдин өз чындыгын» угуп туралы.

-Баткен мырза, учурда сиздин атыңыз Максимдин жери делген жер чатагына байланыштуу ЖМКда жана саясатта катуу талкууга алынып жатат. Сиз ал жерди чындап эле ижарага алып иштетип келесизби? 

Бул маалымат толугу менен жалган экенин билдирем. Бул чатакка, жерге менин эч кандай тиешем жок. Негизи, бул жерди эчак эле сатып жиберишмек. Биз аны ызы-чуу кылып достор менен алып калганбыз да. Ошондо сата албай калышып, эми менден өч алып жатышат окшойт. Менимче, мындай маалыматты Тайырбек Сарпашев өзү эле чыгарып жатат көрүнөт. Башка кызыкдар адамдар да бар окшобойбу. Ал  чатактуу жер Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө.  Аны Бектурсун, Нурсейит деген балдар карап турат. Башкы прокуратура ал эки жигитке каратып койгон. Экөө жооп берет дегендей. Башка чатактуу жерлерге менин аты-жөнүмдү жабыштыра берсе эле, жараша берет деп ойлошот окшойт. Биз бул маалыматты тараткандарды,ойлоп чыгаргандарды сотко беребиз. Азыр жактоочулар бул боюнча иштеп баштады.

-Сиздин атыңыздын аталганына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

-Толук биле албай жатам эмне, кандай себептер болгонун. Бирок мен сиздердин сайт аркылуу коммочулукка жар салып коёюн. Мен быйыл өтө турган Президенттике талапкер катары чыгып, ат салышам. Ушундай аруу тилегим бар. Бул кадамымды көпчүлүк уга элек, бирок жогорку жактагылар жакшы эле билишет. Балким менин бул аракетим айрымдарга жакпай жаткандыр…

-Талапкер болуп жатканыңызды буга чейин коомчулукка расмий түрдө айта элексиз го…

Ооба, ачык жар сала элекмин. Бирок биз өз командабыз менен 2 айдан бери карапайым калк менен тыгыз иштешип жатабыз. Балдарыбыз Баткенде, Таласта, Ысык-Көлдө, Чүйдө, Таласта ж.б. жактарда акырындык менен иштеп жатышат. Элдин талабын, маанайын, каалоосун билип дегендей…

-Кайсы партиянын атынан чыгасыз?

-Эч кандай саясый партиянын атынан чыкпайм. Элдин атынан колдоо тапсак, аракеттерибизди андан ары жигердүү уланта беребиз, Аллага таянып. Кудай буйруса, жакшы ниет менен Умарага сапар тартып жатабыз. Ал жактан келгенден кийин да бул маселелер боюнча өз позицияларыбызды бекемдейбиз деген тилегим бар.

Агаларыңыз Болот, Садык мырзалар менен Президенттике аттануу маселеси боюнча кеңештиңизби? Алар эмне дешет?

-Азыр бул маселе боюнча кенен сүйлөшө элекпиз…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here